Кара-Суу: Төрт адамдын өмүрүн алган кырсыкка айыпталган айдоочу 9 жылга кесилди

Сүрөт: «Турмуш» басылмасы

Ош облусунун Кара-Суу райондук соту өткөн жылдын декабрь айында төрт кишинин өмүрүн алган жол кырсыкка себепкер болгон айдоочуну 9 жылга эркинен ажыратты. Мындай чечим 15-мартта кабыл алынды.

Жол кырсык 2021-жылдын 5-декабрга караган түнү Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолундагы Баш-Булак айылынын аймагында болгон. Анда 32 жаштагы айыпталуучу башкарган Mercedes-Benz 1520 оор жүк ташуучу унаасы Honda-CRV үлгүсүндөгү унаа менен кагышып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен Honda-CRV’нин ичиндеги айдоочу жана үч жүргүнчүсү жеринде мерт кеткен. Дагы бир киши жана айыпталуучу ооруканага жеткирилген.

Соттук отурумда айыпталуучу күнөөнү мойнуна алган. Анын айтымында, кырсык болгон күнү ал 13 тонна көмүрдү Он-Адыр кичи районуна алып баратып, «рулда чарчагандыктан 100-150 грамм спирттик ичимдик ичип алган». Ошондой эле айыпталуучу жолдун бурулушунда карама-каршы тилкеге чыкканын жана Honda-CRV’ни «өтө жакын аралыкта көрүп калганын» билдирген.

Мындан сырткары, айыпталуучу өзү«40-50 км/саат ылдамдыкта келгенин», ал эми Honda-CRV «каттуу ылдамдыкта келе жатканын» айткан.

Кара-Суу райондук соту айыпталуучуну «Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу» беренеси менен күнөөлүү деп тапты. Ал үч жылдык мөөнөткө транспорт каражаттарын айдоо укугунан ажыратылып, 9 жылга кесилди.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө 2021-жылы 7 437 жол кырсыгы катталган. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 21,3%га көбүрөөк.

Дагы окуңуз:

Кара-Суу: Көмүр ташыган унаа менен жеңил унаа кагылышып төрт киши каза тапты