Кара-Суу: Көмүр ташыган унаа менен жеңил унаа кагылышып төрт киши каза тапты

Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолунда 4-декабрга караган түнү көмүр ташып бараткан жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа кагылышып төрт киши каза тапты. Дагы экөө жаракат алып ооруканага түштү.

Ош облустук ЖКККБсынан билдиришкендей, кырсык түнкү саат 01:00 чамасында Кара-Суу районунун Баш-Булак айылында орун алган. Анда 31 жаштагы кишинин башкаруусундагы жүк ташыган «Мерцедес-Бенц» унаасы менен 54 жаштагы киши айдап бараткан «Хонда-СРВ» жеңил унаасы кагышып кеткен.

Авариянын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу жана үч жүргүнчүсү жеринде каза тапкан. Ал эми бир жүргүнчүсү жана жүк ташуучу унаанын айдоочусу жаракат алып, Ош облустук ооруканасына жеткирилген.

Учурда окуя КЖБРге катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Видео: Turmush

Буга чейин, 16-ноябрда, Кара-Суу районунда «Мерседес-Бенц Спринтер», «Дэу Нексия» жана оор жүк ташуучу «КамАЗ» үлгүсүндөгү үч унаа кагышкан. Анда кырсыктан жеринде жети адам мерт кеткен.

Кырсыктын кесепетинен жалпы он адам каза болгон — алардын арасында 7 жашар бала жана 15 жаштагы өспүрүм кыз бар.

Ош облусунда 2021-жылдын 10 айында облуста 660 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 102 киши каза таап, 1 157 киши ар түрдүү жаракаттарды алган.

Жалпысынан Кыргызстанда 2021-жылдын башынан октябрь айына чейин катталган жол кырсыктарынан 587 киши каза тапкан. 5 437 жол кырсыгы катталып, 8 298 киши жаракат алган. Былтыркы жылга салыштырмалуу кырсыктар 29,2%га өскөн. Ал эми андан жаракат алгандардын саны 31%га, каза тапкандар 15,3%га көбөйгөн.

Үч унаа кагышкан жол кырсыгы. Реанимацияда жаткан 7 жашар бала каза тапты