Путин газды рублга сатууну тапшырды, Чубайс кызматынан кетти, орус журналисти каза тапты

Орусиянын 24-февралда башталган Украинага ири алкактагы кол салуусу уланып жатканына бир ай болду.

БУУ 24-февралдан 22-мартка чейин согушта кеминде 977 жай тургун, анын ичинде 81 бала каза таап, 1594 киши жарадар болгонун билдирди. Уюмдагылар реалдуу сан алда канча көп болушу мүмкүндүгүн, себеби аскердик аракеттер жүрүп жаткан жерлердеги маалыматтардын көбү кечигүү менен келип, алар кошумча бышыктоону талап кылып жатканын белгилешти.

Украиналык качкында Польшанын чек арасында. Сүрөт: БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку коммиссарынын башкармалыгы

Орусиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Украинанын жай тургундары өлүп жаткан маалыматтарга жооп берип жатып, орус «аскерлери жай тургундарга ок атпаганын» малымдады.

«Аскерлер карапайым тургундар колуна курал алып биздикилерди мээлемейин аларга ок аткан жок», — деди Песков.

Ал Орусиянын Украинадагы «атайын операциясы» «өнүгүп жатканын, план жана коюлган милдеттердин негизинде жүрүп жатканын» дагы кошумчалады. Орус аскерлери Украинага кол салып кирерин жарыялап жатканда президент Владимир Путин Орусия Украинаны «демилитаризация жана денацификациялоого» умтуларын билдирип, украиналык аскерлерден куралдарын таштоосун талап кылган.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен «[Украинадагы орус аскерлеринин] тандабай туруп кылган чабуулдары жана карапайым калкка каршы чабуулдары, ошондой эле башка мыкаачылыктары тууралуу да көптөгөн ишенимдүү маалыматтар бар экенин» билдирди. Анын айтымында, орус аскерлери турак үйлөрдү, ооруканаларды, мектептерди, соода борборлорун жана тез жардам унааларын жок кылышып, натыйжада миңдеген жай тургун өлүп жана жарадар болгон.

Американын эл аралык акыйкаттык маселелери боюнча чабарманы Бет ван Шаактын айтымында, АКШ Украинанын аймагында болушу мүмкүн болгон аскердик кылмыштар тууралуу маалыматтарды чогултуп жатат, маалыматтар эл аралык уюмдарга жана чет мамлекеттерге өткөрүп берилет.

Орусиялык The Insider басылмасынын 42 жаштагы журналисти Оксана Баулина каза болгону расмий тастыкталды. Ал Киевде ракеталык аткылоодо калган. Басылма журналист орус аскерлеринин аткылоосунан кийин калган калаадагы Подольск районундагы урандыларды тартып жүргөнүн жазды. The Insider’дин маалыматында, журналист менен кошо дагы бир жай тургун каза тапкан. Ал эми аны коштоп жүргөн дагы эки киши жарадар болуп ооруканага жаткырылган.

Оксана Баулина

Буга чейин да Украинадагы согушта чет элдик журналист каза тапкан. Ал америкалык журналист Брент Рено экени белгилүү болгон.

НАТОнун эсебинде, бир айдан бери Украинадагы согушта орус армиясынын өздүк курамынын жоготуулары (өлтүрүлгөн, жарадар алган, туткунга түшкөн, дайынсыз жоголгон) 30 миңден 40 миңге чейинки аскерди түзгөн.

Ал эми Орусиянын Коргоо министрлиги 2-мартта бир гана жолу 498 орус аскери каза таап, 1597си жаракат алганын кабарлаган. Ведомство ошондой эле, 2870 украин аскери каза болгонун жана 3700 чамалуу киши жарадар болгонун билдирген.

Владимир Путин «дос эмес» өлкөлөргө берилип жаткан орустун жаратылыш газы үчүн акыны рубль менен алууну тапшырды. Бул тизмеге Орусияга каршы санкцияларды колдогон мамлекеттер кирет, Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр, АКШ, Улуу Британия жана башкалар. Бул билдирүүнүн шартында рубль дароо бекемдеп, доллардын наркы 98 рублден төмөндөп кетти.

Дүйнөлүк компаниялар Орусиядагы ишмердүүлүгүн убактылуу токтотууну улантышууда. Франциянын Renault автоунаа концерни Москвадага заводунун ишин убактылуу токтотту. Ошондой эле Франциянын Sanofi биотехнологиялык компаниясы Орусияга маанилүү дарылардан башка бардык дары-дармектерди жана вакциналарды жеткирүүсүн токтотту.

«Новая газета» белгилегендей, Sanofi компаниясы чыгарган дарылардын арасында ооруну басуучу «Но-шпа», «Магне В6» биокошулмасы, жөтөлгө каршы «Лазолван» сиропу жана аллергияга каршы «Зодак» дарысы бар болчу.

Жакында эле Украинанын президенти Владимир Зеленский Франциянын парламентинде сөз сүйлөп жатып, француз компанияларын Орусиянын рыногунан кетүүгө чакырган.

Анатолий Чубайс Орусия президентинин туруктуу өнүгүү боюнча атайын өкүлү кызматынан кетти. Маалымат агенттиктери Чубайс өлкөдөн чыгып кеткенин жазышууда, эгер бул маалымат тастыкталса, анда ал Украинадагы согуштун шартында жогорку кызматынан кеткен алкачкы чиновник болот.

«Чубайс өз каалоосу менен кетти. Орусиядан чыгып кетеби-жокпу — ал өз иши», — деди Дмитрий Песков.

Ал эми Мамлекеттик думадагы бийликчил «Единая Россия» партиясынын депутаттары өлкөдөн фракция лидери Владимир Васильевдин уруксаты менен гана чыгып кете алышат.