Ташиев: Күч түзүмдөрдүн маянасы 1-апрелден тарта көтөрүлбөйт

Камчыбек Ташиев

1-апрелден тарта күч түзүмдөрдүн жана аскер кызматкерлеринин айлык маяналары көтөрүлбөйт. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев антикризистик чаралар боюнча 24-марттагы отурумда билдирди.

«Мамлекетебизде он миңдеген укук коргоо органдарынын, аскер жана күч структуралардын кызматкерлери бар. Аларга ачык айтышыбыз керек: 1-апрелден баштап биздин айлык акыларыбыз көтөрүлбөйт [...] Биз болжол менен 1-августта көтөрүүнү пландап жатабыз», — деди Ташиев.

Ал эми Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров 1-апрелден тарта 309 миң кишинин — мугалим, дарыгер, маданият жана илим кызматкерлеринин — маяналары көтөрүлөт деп ишендирди. Бирок мамлекеттик кызматкерлердин айлыктары канчага көтөрүлөөрү отурумда ачыкталган жок.

Буга чейин өлкө башчы Садыр Жапаров Бишкектеги «Түндүк» РЭТинин аччылышында мамлекеттик бюджеттен каржыланган кызматкерлердин айлык маяналары 1-апрелден тарта жогорутула турганын айткан. Жапаров мугалимдер, милиционерлер жана энергетиктердин айлыктарын көтөрүү пландалганын белгилеген.