Улуттук Банк: Бир айда 413 миллион сомго алтын куймалары сатылды

Улуттук Банк 28-февралдан 22-мартка чейин 413,3 миллион сомго 63 килограмм алтын куймасын сатты. Бул тууралуу «Азаттык» басылмасы банктын басма сөз кызматына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, элдин алтын сатып алууга болгон суроо талабы жогору. Улуттук банк учурда бирден 100 граммга чейинки алтын куймалары сатылып жатканын белгиледи.

«Алтын куймаларынын кору күн сайын толукталып жатат», — деп билдирди башкы банк.

Буга чейин Улуттук Банк өткөн жылы жалпы 192,9 миллион сомго алтын куймалары сатылганын маалымдаган. Ошондой эле, банктын басма сөз кызматы март айынын башында алтын сатып алган кыргызстандыктар көбөйгөнүн белгилеген.

Алтынга болгон суроо-талап эмнеге жогорулады?

Үстүбүздөгү жылдын 28-февралында Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарга сомдун куну түшүп, чет элдик валюта кымбаттап жаткан шартта алтын сатып алууну сунуштаган. Ал «капиталыңыздарды кагаз акча менен сактагандан көрө алтын менен сактаңыздар» деп кеңеш берген.

Анын эртеси эле 1-мартта Жапаров өз сунушунан кийин «Улуттук банкта алтын сатып алууга кезекке тургандар көбөйгөнүн» билдирген.

«Туура кыласыздар, чет өлкөлүк банктарда же үйдө кагаз акча менен сактагандан көрө, алтын менен сактасаңыздар, жүз жылдан кийин болсо дагы күйбөйсүздөр. Сом менен доллар өз кунун жоготуп коюушу мүмкүн, ал эми алтын өз кунун эч качан жоготпойт», — деген президент.

Улуттук банктын маалыматына ылайык, 24-мартка карата 1 грамм алтындын баасы 8 миң 49 сомдон сатылып жатат.

Автору: Бактыгүл Нарматова

Редактору: Найзабек Мукамбетов

Тема боюнча:

Улуттук банк алтын сатып алган кыргызстандыктар көбөйгөнүн билдирди

Рублга «байланган» сом. Орусиянын Украинага кол салышы кыргыз экономикасын канчалык алсыратат?