Ысык-Көлдүн тургуну өз баласын бычактап өлтүрүүгө шектелип кармалды

Ысык-Көл облусунун Түп районунда 27 жаштагы баласын бычактап өлтүрүүгө шектелип 63 жаштагы Тасма айылынын тургуну кармалды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аймактык оорукананын дарыгери милицияга Тасма айылынын 27 жаштагы тургуну бычак жеп ооруканага түшкөнүн кабарлаган. Милиционерлер барганда дарыгерлер жабырлануучу ооруканага жеткенге чейин каза болгонун айтышкан.

Бул факт боюнча милиция «Ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, шектүү катары маркумдун 63 жаштагы атасын кармаган.

Тергөө учурунда күбөлөр суралып, шектүү үй-бүлөлүк жаңжалдын кесепетинен баласынын сол жамбашына бычак сайып салганы аныкталган.

Шектүү Түп РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Ош облусунун Кара-Суу районунда 50 жаштагы кишини бычактап өлтүрүүгө шектелип 33 жаштагы тургун кармалган.

Тергөө учурунда шектүү маркум менен спирт ичимдигин ичип олтуруп, сөз талашып уруша кетип, шеригин бычак менен сайып салганын айткан. Шектүү «Адам өлтүрүү» беренеси менен айыпталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Автору: Айганыш Амиров

Редактору: Найзабек Мукамбетов

Тема боюнча :

Кара-Суунун тургуну айылдашын бычактап өлтүрүүгө шектелип кармалды

Ош ОИИБ: Кара-Сууда күйөөсүн бычактап өлтүргөн аял бир айга камалды