Кара-Суунун тургуну айылдашын бычактап өлтүрүүгө шектелип кармалды

Сүрөт: Ош ОИИБдин басма сөз кызматы

Ош облусунун Кара-Суу районунда 50 жаштагы кишини бычактап өлтүрүүгө шектелип 33 жаштагы тургун кармалды. Бул тууралуу 19-февралда Ош облустук ички иштер башкармалыгы маалымдады.

Маалыматка ылайык, кылмыш 13-февралды Кара-Суудагы айылдардын биринде жайгашкан дүкөндө болгон. Анда маркум менен шектүү «Н.З.» спирттик ичимдик ичип олтуруп, сөз талашып уруша кетишкен. Натыйжада «Н.З.» шеригине бычак шилтеген.

Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмү «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Ал эми шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

«Турмуш» басылмасынын маалыматына караганда, ошол күнү шектүү «Н.З.» менен маркум кумар ойношкон. Шектүү жеңилип калгандан кийин шеригинин мойнуна бычак сайганы айтылган.

2021-жылдын сентябрь айында Оштун 31 жаштагы тургуну өзүнүн инисин бычактап өлтүрүүгө шектелип кармалган. Шектүү өз көргөзмөсүндө маркум иниси «күн сайын ичип келип, үйдө чыр чыгарып, апасы экөөнө тынчтык бербегендиктен» ачууга алдырып аны бычактаганын айткан.