Ош: Төлөйкөн айылынын мурдагы башчысы жайыт жерин мыйзамсыз сатууга шектелип кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айыл аймагынын мурдагы башчысы «мыйзамсыз жер сатууга» шектелип кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу 25-мартта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Шектүү. Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, М. З. аттуу мурдагы чиновник «жайыт тилкелерин трансформациялабастан мыйзамсыз сатып жиберген». Мекемеден ушул тапта кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп жатканын белгилешти.

Өткөн жылы УКМК тарабынан Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагындагы «айыл чарба багытындагы жерлерди жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз саткан» бир нече аткаминер кармалган. Алардын арасында Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы Нодир Хосилов, «Кадастрдын» аймактык башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Бакыт Баймуратов, «Кадастрдын» Кара-Суу районундагы башкармалыгынын дагы бир мурдагы жетекчи дагы болгон.

Тема боюнча:

Кара-Суу: Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы коррупцияга шектелип кармалды