Кара-Суудагы жерлерди мыйзамсыз сатуу: УКМК «Кадастрдын» мурдагы жетекчисин кармады

Сүрөт: УКМК

«Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы башкармалыгынын мурдагы жетекчиси «Коррупцияга» шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 8-октябрда кабарлады.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, шектүүнүн Кара-Суу районундагы Нариман айыл аймагында «айыл чарба багытындагы жерлерди жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз сатуу фактысына тиешеси бар». Ал 2015-2018-жылдары «Кадастрдын» аймактык башкармалыгын жетектеп жүргөн.

Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Атайын кызматтан бул кылмышка тиешеси бар болгон башка адамдарды да издеп жатканын белгилешти.

Буга чейин УКМК бул иштин алкагында Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы Нодир Хосиловду, «Кадастрдын» аймактык башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Бакыт Баймуратовду жана алардын шеригин кармаган.

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында «Т-Медиа» басылмасы Нариман айыл өкмөтүнүн айрым тургундары үлүш жерлеринен ажырап калганы тууралуу журналисттик иликтөө жарыялаган. Анда тургундардын үлүшү башка адамдарга жеке турак жай куруу үчүн сатылганы аныкталган.