Ташиев: «Байрактар» аскердик сыноодон өткөрүлөт

Жакынкы үч-төрт күндүн ичинде Кыргызстанда «Байрактар» учкучсуз учуучу аппаратарынын катышуусунда аскердик сыноолор өткөрүлөт. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 25-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана Чек ара кызматына жаңы техникаларды тапшыруу аземинде айтты.

«Биз “Байрактардын” мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтөлү деген ойдобуз. Бул тууралуу бүткүл дүйнөгө жарыя кылабыз. “Байрактарды” бүгүнкү күндө кезметке кабыл алып жатабыз», — деп белгиледи Ташиев.УКМКнын төрагасы «эгерде кайсыл бир өлкө тарабынан кандайдыр бир инцидент болсо адекваттуу жооп бере алабыз» деп кошумчалады.

«[Бүгүнкү күндө] өлкөнүн бүтүндугүн коргой алабыз», — деп билдирди Ташиев.

Буга чейин президент Садыр Жапаров 2022-жылы мамлекеттик чек араны коргоого бюджеттен 3 млрд сом бөлүнгөнүн билдирген.

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө алып келинген «Байрактар»

Түркиянын Bayraktar TB2 учкучсуз учуучу аппараттары УКМКнын Чек ара кызматына өткөн жылдын декабрынын ортосунда келип түшкөн. Аппараттар бюджеттик каражатка алынган, бирок аларга канча акча коротулганы белгисиз. Ошондой эле өлкөгө канча аппарат алып келингени да айтылган эмес.

Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаров «Байрактар» аппараттарынын жанында. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

«[Учкучсуз учактар] өлкөнүн коргонуу коопсуздугун камсыз кылуу, анын ичинде мамлекеттик чек араларды кайтаруу үчүн колдонулат», — деп билдирген ошол учурда президенттин басма сөз кызматы.

Эмне болгон учкучсуз аппараттар?

«Байрактар» ​учкучсуз учактарынын түрлөрү Түркиянын жеке менчик Baykar Makina компаниясы тарабынан өндүрүлөт. Фирма ээлеринин бири Сельчук Байрактар Түркия президентинин күйөө баласы.

Компаниянын эң ийгиликтүү продукциясы катары «Байрактар ​​TB2» сокку уруучу учкучсуз учагы эсептелет. Ал 4 ракета же бомба көтөрүп, узакка чейин уча алат.

Түрк армиясы ал учакты 2014-жылдан бери колдонуп келе жатат. Учактарды алар Сирия менен Ливиядагы атайын операцияларында колдонушкан.

Ошондой эле Азербайжан дагы бул учкучсуз учактарды Тоолуу Карабакта Армения менен болгон аскердик жаңжалда колдонгон. Адистердин айтымында, ал жерде учактар натыйжалуулугун көрсөткөн.

«Атап айтканда, Тоолуу Карабах Түркиянын коргонуу өнөр жайынын учкучсуз учактарды өндүрүү жаатындагы мүмкүнчүлүгүн көрсөтүүчү жайга айланды», — деп белгилеген «Настояшее времянын» эфиринде орусиялык аскердик эксперт Дмитрий Лотивкин.

Бул учактарды Азербайжандан тышкары Катар жана Ливия колдонот. Борбор Азияда биринчилерден болуп «Байрактар ​​TB2» учагын Түркмөнстан сатып алган. Түркиянын аппараттары Украианын дагы Куралдуу күчтөрүндө бар — учурда өлкө «Байрактарды» Орусиянын кол салуусуна каршы согушта колдонуп жатат.