Токтакунов уктоочу орундугу жок камерада кармалууда. Ал беш суткадан кийин бошотулушу керек

Юрист Нурбек Токтакунов Бишкектин Биринчи май РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу «Клооптун» кабарчысына юристтин адвокаты Раззак Ашимбаев билдирди.

Ашимбаевдин айтымында, Токтакунов кармалып жаткан жайда шарттар жана электр энергиясы жок, ал жерде отура тургандай эле орундуктар бар.

«Токтакунов күч колдонуу менен кармалды, ошол эле учурда ал каршылык көрсөтпөгөнүн айтууда. Кимдир бирөө аны уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсүн кармаган кызматкерлер кармасын деген тапшырма берген», — деп айтты адвокат.

Ашимбаев сот чечимин даттануу учурунда Токтакунов кармалбашы керектиги жөнүндө айтылган ченемге карабастан мыйзамдын башка ченеми карама-каршы иштегенин кошумчалады.

«Акыркы кабыл алынган мыйзамдарда карама-каршылыктар бар. Административдик камакка алуу дароо аткарылсын деген ченем бар, ал эми экинчи ченемде [даттануу болгон учурда] чечимдин аткарылышы убактылуу токтотулат деп айтылат», — деп түшүндүрдү ал.

Ал эми мыйзамдагы мындай карама-каршылыктары негизинен кармалган адамдын пайдасына чечмелениши керек болчу дейт Ашимбаев.

«Учурда Бишкек шаардык соту өз чечимин чыгарганга чейин сот чечиминин аткарылышын токтото туруу боюнча арыздар берилип жатат», — деп кшумчалады Ашимбаев.

Токтакуновдун кармалышы

Юрист Нурбек Токтакуновду милиция 25-март күнү эртең менен кармап, Биринчи май РИИБине жеткирген.

Буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук соту адвокат Нурбек Токтакуновду судьяларды кемсинткени үчүн майда бейбаштык беренеси боюнча айыптуу деп таап, беш суткага камоо чечимин чыгарган.

Токтакунов 17-мартта Орусия элчилигинин алдында өткөн митингде судьяларды «эч ким эмессиңер» деп атаган.