«Судьялар эч ким эмес». Юрист Нурбек Токтакунов беш суткага камалды

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 24-мартта юрист Нурбек Токтакуновдун «майда бейбаштык» боюнча иши каралып, ал беш суткага камакка алынды. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Токтакунов өзү «судьяларды кемсинткен сөздөрүм үчүн камакка алышты» деп билдирди.

«Мага “судьялар бул өлкөдө эч ким эмес” деген сөзүм үчүн беш сутка беришти. Алар чынында эч ким эмес. Мен бул иштин маңызын түшүндүрүп берейин: Орусиянын элчилигинин тапшырмасы менен биздин судьялар митингдерди өткөрүүгө бир айга тыюу салышты. Сот коопсуздукка коркунуч жараткан, согуш же зомбулукка чакырган жыйындарга гана тыюу сала алат», — деди Токтакунов сот залында.

Юрист 17-мартта Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин астында митингге чыккандан кийин милицияга чакырылган. Буга чейин Биринчи май райондук соту элчиликтин жанында митингдерди уюштурууга 11-апрелге чейин тыюу салган.

Соттун чечиминде митингдерди өткөрүүнүн тыюу салынышына «тургундардын арызы жана Орусиянын элчилигинин ТИМге берилген нотасы» негиз болгону жазылган.

Токтакунов менен бирге активисттер Динара Ошурахунова, Азиза Абдирасулова жана Өндүрүш Токтонасыровго да карата бузуулар жөнүндө иш козголгон.

Натыйжада Токтонасыров жана Ошурахуновага «Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө» беренеси боюнча 3 миң сомдон айып салынган. Абдирасулованын бул берене боюнча иши карала элек. Ал эми акстивисттерге карата «Майда бейбаштык» беренеси менен козголгон ишти сот кыскарткан.