Ошурахунова: Юрист Токтакуновду милиция үйүнүн кире беришинен кармап кетти

Укук коргоочу Динара Ошурахунова юрист Нурбек Токтакуновду 25-мартта үйүнүн кире беришинен кармап кетишкенин билдирди.

Ошурахунованын айтымында, Токтакуновду Биринчи май РИИБине алып кетишиши мүмкүн.

Юрист кармалган учур тартылган видеону адвокат Замир Жоошев соцтармакка чыгарды.

Буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук соту адвокат Нурбек Токтакуновду судьяларды кемсинткени үчүн майда бейбаштык беренеси боюнча айыптуу деп таап, беш суткага камоо чечимин чыгарган. Ал Орусия элчилигини алдында өткөн митинг учурунда судьяларды «эч ким эмес» деп атаган.

Сот чечими чыгары менен Токтакуновдун адвокаттары Бишкек шаардык сотуна арыз беришкен. Бул негиз менен юрист шаардык сот чечим чыгармайын сот залынан бошотулган.

«Мыйзамга ылайык, аппеляциялык даттануу административдик укук бузуу боюнча иштин чечиминин аткарылышын убактылуу токтотот, ошондуктар алардын менен кармоого укуктары жок», — деп жазган Токтакунов Фейсбук барагында.