Украинадагы согушта каза болгон Эгемберди Дорбоевдин сөөгү Ысык-Көлгө коюлду

Украинадагы согушта каза болгон теги кыргыз Эгемберди Дорбоевдин сөөгү 25-мартта өзү туулуп өскөн Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында жерге берилди.

Маалыматка ылайык, маркумдун сөөгү 24-март күнү кечинде Кант авиабазасы аркылуу Кыргызстанга алып келинген. Дорбоевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына Кыргызстан менен Орусиянын аскер кызматкерлери катышты.

19 жаштагы Эгемберди Дорбоев Орусиянын куралдуу күчтөрүндө келишимдин негизинде кызмат өтөп жүргөн.

Соцтүйүндөрдө 17-марттан тартып Украинадагы согушта кыргызстандык жигит каза болду деген маалымат тарай баштаган.

Жоокердин каза болгону тууралуу маалыматты 22-мартта Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги расмий тастыктаган.

«Украинадагы демилитаризация жана денацификациялоо боюнча атайын операцияда тапшырманы аткарып жатып, Орусиянын Куралдуу күчтөрүндө келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан катардагы жоокер, Кыргызстанда туулган орус жараны Эгемберди Дорбоев баатырларча каза болду», — деп айтылган элчиликтин Телеграмдагы билдирүүсүндө.

Ал эми Орусиянын Норильск шаарынын мэри Дмитрий Карасев Телеграм каналында маркумдун туугандарына жана жакындарына көңүл айткан.

«Эгемберди Дорбоев Норильск шаарына келгенине аз эле болгон, 2021-жылдын күзүндө аскерге чакыртылган. Ал келишим түзүп, Белгород облустук чалгындоо батальонунда кызматын өтөп жаткан […] Жаркын элеси аны тааныгандардын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат», — деген ал.

Украинадагы согуш

Орус аскерлери Украинага 24-февралда кол салган. Орусиянын Коргоо министрлиги Украинадагы согушка милдеттүү аскер кызматын өтөп жаткандар катышып жатканы тууралуу маалыматты көпкө чейин тастыктабай жаткан. Бирок ал арада украин тарап бул маалыматты тастыктап, туткунга түшкөн орус аскерлеринин видеосун жарыялаган.

9-мартта Орусиянын Коргоо министрлиги Украинада орус армиясынын катарында милдеттүү аскердик кызматын өтөп жаткан аскерлери бар экенин моюндап, бирок «бул категориядагы аскерлердин баары Орусиянын аймагына кайра чакыртылып алынды» деп билдирген.

Каза тапкан аскерлер тууралуу маалыматты эки тарап ар башкача айтып келет. Орусиянын Коргоо министрлиги 2-мартта бир гана жолу 498 орус аскери каза таап, 1597си жаракат алганын кабарлаган. Ведомство ошондой эле, 2870 украин аскери каза болгонун жана 3700 чамалуу киши жарадар болгонун билдирген.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы согушта 15 миңдей орусиялык аскер каза тапканын ырастаган. Бирок канча украиналык жоокер каза тапканы расмий ачыкталган эмес. 16-мартта АКШнын чалгындоо кызматы Украинадагы согушта Орусиянын жети миң аскери каза болуп, дагы 14 миңи жарадар болгонун билдирген.

Ал эми ББСнин орус кызматы Украинада каза тапкан 557 орус аскеринин аты-жөнүн аныктаган.