«Орусиянын кайрылуусу менен». Кыргыз аскерлери Дорбоевди жерге берүүгө катышты

Коргоо министрлиги Украинадагы согушта каза болгон кыргызстандык Эгемберди Дорбоевди жерге берүү зыйнатына Кыргызстандын аскер кызматкерлери катышканын билдирди.

Маалыматка ылайык, буга «Орусиянын элчилигинин кайрылуусу» себеп болгон. Орусия тараптан жерге берүү зыйнатына Канттагы аскер базасындагы кызматкерлер катышкан.

19 жаштагы Эгемберди Дорбоев Ысык-Көл облусунда туулуп өскөн. Анын Украинадагы согушта каза болгону тууралуу жакындары 16-мартта билишкен.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги Дорбоевдин өлүмү тууралуу маалыматты 23-мартта тастыкташкан. Орусиянын Норильск шаарынын мэри Дмитрий Карасевдин Дорбоев 2021-жылдын күзүндө аскерге чакыртылганын билдирген.

Маркумдун сөөгү Кыргызстангна алынып келип, 25-мартта өзү туулуп өскөн Кара-Ой айылында жерге берилген.