Кыргызстан аял жумушчулар иштөөгө тыюу салынган кесиптердин тизмесин жокко чыгарууну көздөйт

Кыргызстанда мыйзам боюнча аялдарга жүргүнчү ташыган шаарлар аралык автобустарды айдоого, өрт өчүрүүчү болуп иштөөгө жана ар түрдүү 444 кесип менен алектенүүгө тыюу салынган. Бул тыюу салынган кесиптердин тизмеси Советтер Союзунда 40 жыл мурда кабыл алынган, бирок бийлик ал Конституцияга каршы келерин мойнуна алат.

Грузия, Армения, Украина, Молдова жана Өзбекстан тизмени жарым-жартылай кыскартышкан. Жакында эле Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги бул тизмени жокко чыгарууну сунуштады. Эмне үчүн аялдарга жүздөгөн кесиптерде иштөөгө тыюу салынган жана бул эмне үчүн туура эмес, келиңиз талдап көрөлү.