Баткен ОИИБдин жетекчисинин орун басары Аскарали Мухамадиев каза болду

Аскарали Мухамадиев. Сүрөт: Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы.

Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысынын коомдук коопсуздук боюнча орун басары Аскарали Мухамадиев 47 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Баткен ОИИБнин басма сөз кызматы 27-мартта билдирди. Милициядан анын өлүмүнүн себебин маалымдашкан жок.

Ал эми Kaktus медиа басылмасы өздүк булактарга таянып, Мухамадиев 26-мартта кафелердин биринде киши колдуу болгонун жазды.

«Мухамадиев мурда соттолгон тууганы менен Баткен шаарындагы кафелердин биринде отуруп, алардын ортосунда чыр чыккан. Натыйжада Аскарали Мухамадиевдин тууганы ага бир нече жолу бычак сайып, ал көп кан жоготкондуктан каза болгон», — деп айтылат басылманын маалыматында.

Аскарали Мухамадиев 1974-жылы 20-апрелде Баткен районунун Достук айылында төрөлгөн. Ал 2000-жылдан тартып ушул күнгө чейин милицияда иштеп келген.

Мухамадиев 2021-жылдын май айында президенттин буйругу менен Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.