Садыр Жапаровдун карындашы Лазат Нуркожоева унаасын туура эмес токтоткону үчүн айыпка жыгылды

Сүрөт: Бишкектин кайгуул милициясы

Президент Садыр Жапаровдун карындашы Лазат Нуркожоева «унаасын туура эмес токтоткону» үчүн 1 000 сом айыка жыгылды. Бул тууралуу Бишкектин кайгуул милициясынын басма сөз кызматы 27-мартта кабарлады.

«Ошол эле учурда айдоочу айым өзүнүн маданияттуулугун көрсөтүп, кайгуул кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирди», — деп билдиришти мекемеден.

Буга чейин калаадагы 5чи кичи районунун тургундары Нуркожоева унаасын тротуардын үстүнө токтотконуна нааразы болушкан.

Лазат Нуркожоева Дөөлөтбек Жапаровдун — Садыр Жапаровдун иниси — кызы. Нуркожоева президенттин тууганы экенинен тышкары өткөн жылы бийлик алмашкандан кийин декабрда «Кыргызстан сулуусу 2020» сынагында жеңүүчү болуп таанылган.

Конкурстун уюштуруучусу Рыскүл Намазбекова Sputnik Кыргызстанга курган маегинде сынакка кастинг 2020-жылдын сентябрь айында, тагыраагы, өлкөдө бийлик алмашканга чейин эле өткөнүн айтып берген. «Кыргызстан сулуусу 2020» конкурсунда жеңгени үчүн байге катары Нуркожоева BMW X5 унаасын алган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Эң жакшы жыл». Садыр Жапаровдун карындашы туулган күнүн белгиледи

«Miagi менен Endshpil ырдаган эмес». Лазат Нуркожоева туулган күнү боюнча үн катты