«Miagi менен Endshpil ырдаган эмес». Лазат Нуркожоева туулган күнү боюнча үн катты

Президент Садыр Жапаровдун инисинин кызы жана Кыргызстан сулуусу 2020 сынагынын жеңүүчүсү Лазат Нуркожоева туулган күнүнө орусиялык артисттер Miagi менен Endshpil чакырылганын төгүнгө чыгарды. Бул тууралуу ал Instagram барагында билдирди.

Артисттерди Бишкекке 11-октябрда Ka4eli fest концертинин уюштуруучулары чакырган. Фестиваль 10-октябрда өтүшү керек болчу, бирок аба-ырайына байланыштуу уюштуруучулар концертти 11-октябрга жылдырышкан. Андан соң Нуркожоеванын барагында артисттер менен бирге түшкөн сүрөттөрү пайда болгон. Ал эми социалдык тармактардын колдонуучулары Нуркожоева туулган күнүнө Miagi менен Endshpil’ди чакырып, ошол себептен концерт жылдырылышы мүмкүн деп болжошкон.

Бирок президенттин карындашынын айтымында, ал туулган күнүнө бир да чет элдик артистти чакырган эмес.

«Ошол фестивалга катышкан ырчылар мен туулган кун өткөргөн Новотель мейманканасына жайгашыптыр. Аpасында талкууга алынган Miagi жана Endshpil атуу ырчылары да болгон. Конокторумду тоскону фойеге түшсөм артисттердин баары чогулуп, эл менен сүрөткө түшүп жатыптыр. Мен деле эл катары эле сүрөткө түшүп, инстаграмга киргизип койсом ушундай туура эмес маалымат тарап кетиптир. Ал жерде жалгыз эле мен эмес, аларды тааныган жаштардын баары сүрөткө түшкөн», — деп түшүндүрдү ал.

Туулган күнүн Нуркожоева 9-октябрда борбор калаадагы Novotel отелинде белгилеп, бир катар блогерлер конок катары чакырылган. Ал эми Supertvkg басылмасы иш-чарадан фоторепортаж даярдаган.

Нуркожоева Supertvkg’ге курган маегинде өткөн жылы туулган күнүн Садыр Жапаров үзөңгүлөштөрү тарабынан колониядан бошотулуп чыкканда аянтта тосконун айтып берген. Нуркожоева президенттин тууганы экенинен тышкары өткөн жылы бийлик алмашкандан кийин декабрда «Кыргызстан сулуусу 2020» сынагында жеңүүчү болуп таанылган.

Ошол эле учурда конкурстун уюштуруучусу Рыскүл Намазбекова Sputnik Кыргызстанга курган маегинде сынакка кастинг 2020-жылдын сентябрь айында, тагыраагы, өлкөдө бийлик алмашканга чейин эле өткөнүн айтып берген. «Кыргызстан сулуусу 2020» конкурсунда жеңгени үчүн байге катары Нуркожоева BMW X5 унаасын алган.

Кийин 2021-жылы конкурста Нуркожоеванын жеңишине байланыштуу талаш жаралган. Көрсө, Кыргызстанда «Кыргызстан сулуусу» расмий сулуулук конкурсу бар экени, анда жеңишке жеткен кыздар эл аралык «Дүйнө Сулуусу» конкурсуна катышууга жолдомо алышары белгилүү болгон.

Бирок Лазат Нуркожоева жеңген сынактын тийиштүү лицензиясы жок болгондуктан ал «Дүйнө Сулуусу» конкурсуна Кыргызстандын атынан бара алган эмес.

Лазат Нуркожоева Садыр Жапаровдун иниси Дөөлөтбек Жапаровдун кызы. Ал Кыргызстанда модель катары белгилүү.