Акыйкатчы жаш балдары бар камактагы аялдардын жаза мөөнөтүн жылдырууну сунуштады

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова 28-мартта №2 аялдардын түзөтүү колониясына барып, жаш балдары менен жазасын өтөп жаткан аялдар менен баарлашып келди. Бул тууралуу Акыйкатчы аппаратынын сайтында кабарланды.

Мониторингдин жүрүшүндө соттолгон аялдардын балдарына жашоого шарттар түзүлбөгөнү, ошондой эле жалаяктар жана керебеттер тартыш экени аныкталган. Учурда, Акыйкатчы аппаратынын маалыматында, колонияда үч жашка чейинки балдары бар 9 аял кармалууда.

«Жакын арада Акыйкатчы аппараты жаза аткаруу мекемелерине, мамлекет тараптан дайындалган адвокаттардын ишмердүүлүгүнө, соттордун иштөө процесстерине, ошондой эле жаза өтөп жаткан аялдар көтөргөн маселелер боюнча чоң мониторинг иштерин баштайт», — деп билдиришти Акыйкатчынын аппаратынан.

Соттолгон аялдар Абрахматовага аларга өкүмдүн аткарылышынын мөөнөтүн өтөө кийинкиге жылдыруу мүмкүнчүлүгү колдонулбай жатканын да айтып даттанышкан.

«Чоң акчага зыян келтиргендер, көмүскө коюлган талаптарды аткарып, бир күн да абакта болбой, тергөө изоляторунан эле эркиндикке чыгып кетишет, биз болсо акчабыз жок, көмүскө талаптарды аткара албайбыз. Мыйзам баардыгына бирдей колдонулбайт», — деп нааразы болушкан алар.

Абдрахматова жооп иретинде кичинекей балдары бар аялдардын жазасын өтөө мөөнөтүн жылдырууну колдонуу керектигин сунуштады.