Бишкек: Милиция өспүрүм кызга кол салууга шектелген кишини кармады

Жашы жете элек кызга кол салууга шектелген адам

Бишкекте жашы жете элек кызга кол салууга шектелген киши кармалды. Бул тууралуу калаанын Ленин РИИБнин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 3-ноябрында калаанын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал Москва жана Интергельпо көчөлөрүнүн кешилишиндеги дүкөндө кечке маал кызына бир киши кол салып, 5 миң сомун күч менен тартып алганын айткан.

Бул факты боюнча «Каракчылык» беренеси менен кылмыш иши козголду. Укук коргоо орган кызматкерлери 26-жаштагы С.Ж аттуу шектүүнү кармап, он күнгө ТИЗО-1ге киргизишти.