«Эл ылай кечип жүрөт». Жапаров өлкөнүн мал базарларын тазалап, асфальт төшөөнү тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандагы мал базарларды ирээтке келтирип, асфальт төшөөнү тапшырды. Мындай тапшырманы ал минкабдын 28-марттагы жыйынында берди.

Министрлер кабинетинин билдирүүсүндө Жапаров жыйында өлкөдөгү мал базарлардын абалын «кескин сынга» алганы айтылат.

«Кечээ Каракол шаарындагы мал базарга келгендер жиберген видеону көрдүм. Эл ылайды кечип жүрөт, жарандар үчүн жөнөкөй шарттар каралган эмес, бул 2022-жылы КМШнын маданий борбору катары тандалган шаарда болуп жатат. Баарын тазалап, асфальт төшөп жана иштин жыйынтыгын билдирүүгө бир ай убакыт берем. Бул бир эле Караколго эмес, республиканын бардык мал базарларына тиешелүү. Жеке өзүм барып баарын текшерем», — деп убада кылды минкабдын төрагасы.

Ал тапшырманын аткарылуусу үчүн «мамлекеттик администрациялардын башчылары менен шаар мэрлери» жеке жоопкерчилик аларын кошумчалады.

Мурдарак минкабдын башчысы мамлекеттик органдарды социалдык тармактарда жарандар менен активдүү иштешүүгө, ал эми кыргызстандыктарды маселелерин кабарлап турууга чакырган. Жапаровдун айтымында, ал жарандардын көйгөйүн чечүү үчүн социалдык тармактарга көз салып турат.

«Ошондуктан зарыл деп эсептеген көйгөйлөр тууралуу жазып чыгаргыла. Эгер кайсы бир маселени жазган болсоңор, мага жетти деп ойлой бергиле. Президент Садыр Жапаров соцтүйүндөргө тыкыр көз салып турат. Кээде түнкү 2:00де кат келип калат. Бизде вице-премьер министрлер жана администрациянын 305 кызматкери менен WhatsApp’та ар кандай тайпаларыбыз бар. Көйгөйлөрдү жана суроолорду бири-бирине жөнөтүп турушат. Апта сайын анализ жүргүзүп турабыз», — деген Жапаров 15-февралда.