Кыргызстандын ТИМи Орусия элчилигинин алдында митинг өткөрүүгө тыюу салуу боюнча үн катты

Орусиянын элчилигинин алдындагы 28-февралда өткөн акция. Сүрөт: «Клооп»

Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында митинг өткөрүүгө тыюу салуу чечими боюнча «Клоопко» кат түрүндө жооп кайтарды.

Буга чейин Биринчи май райондук милициясы Бишкектеги Орусиянын элчилигинин, Ак үйдүн, президенттин администрациясынын имаратынын алдында жана Ала-Тоо аянтында митинг өткөрүүгө тыюу салган — чектөө 11-марттан 11-апрелге чейин созулат. Ал эми Биринчи май райондук соту милициянын чечимин «мыйзамдуу» деп тапкан.

Соттун чечиминде Бишкек мэриясына бир катар жарандар элчиликтин алдына Украинадагы согушка каршы чыккан активисттер алардын тынчын алып, «коомдук коопсуздукту бузуп жатканын айтып» кайрылганы тууралуу жазылган. Ошондой эле документте Орусиянын элчилиги активисттерге чара көрүү өтүнүчү менен ТИМге нота жибергени белгиленген.

ТИМ эмне дейт?

Министрлик «Клоопко» жиберген катында Орусиянын элчилиги Кыргызстанга 10-мартта нота тапшырганын тастыктады. Анда орус тарап элчиликтин аймагында көптөгөн макулдашылбаган акциялар өткөрүлгөнүнө байланыштуу «коопсуздукту камсыздоо боюнча тийиштүү чараларды көрүүнү» өтүнгөн.

«Мындан улам министрлик Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматына тийиштүү кат жиберген», — деп билдиришти ТИМден.

Ошондой эле ТИМ Вена конвенциясынын 22-беренесине таянып, чет өлкөлөрдүн өкүлчүлүктөрдүн имараттарынын кол тийбестиги бар экенин эске салды. Ага ылайык, дипломатиялык өкүлчүлүк жайгашкан өлкөнүн бийлиги элчиликтин имаратын «кол салуу, тынчын алуу же кемсинтүүдөн» коргоого милдеттүү. Анткен менен активисттер акцияны элчиликтин сыртында өткөргөн.

Мындан сырткары, Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги өлкө аймагында жайгашкан ар бир чет өлкөлүк өкүлчүлүк имараттарынын коопсуздугун камсыздоо өтүнүчү менен ТИМге кайрылууга укуктуу экенин кошумчалады.