Марадонанын дарыгери футболчуну «кокустан өлтүрүп алууга» шектелип жатат

Аргентинанын прокуратурасы легендарлуу футболист Диего Марадонанын өлүмүнө анын жеке дарыгери Леопольдо Лукени шектеп жатат. Бул тууралуу «Би-Би-Си» басылмасы аргентиналык ЖМКларга таянып жазды.

Маалыматка ылайык, медик Марадонага жардам көрсөтпөй, кароосуз калтырып «кокустан өлтүрүп алууга» шектелип жатат. Прокуратуранын иликтөө иштери Марадонанын кыздары Лукенин аракеттеринен жана квалификациясынан күмөн санап жатышканын билдиргенден кийин башталган.

Ошондой эле прокуратура Леопольдо Лукенин аракеттеринде шалаакалык болгонун аныктоо үчүн анын Буэнос-Айрестеги үйүндө жана жеке клиникасында тинтүү жүргүздү.

Мындан сырткары, футболчунун кыздары алардын атасы кайсы дарыларды кабыл алып жүргөнү тууралуу маалыматты талап кылышууда.

Ал эми медик ага тагылган айыптарды четке кагып, Марадонанын өмүрүн сактоо үчүн колунан келген аракетин жумшаганын айтты.

«Медициналык ката болгон эмес, Диего менен күтүлбөгөн окуя болду — инфаркт. Болгон нерсе [инфаркт] мындай бейтап үчүн биринчи учурда болот. Мен Диего үчүн эмнени жана кандай кылганымды так билемин. Мен колумдан келгенин жасадым», — деп айтты Луке.

Белгилүү футболчу Диего Марадона 25-ноябрда күтүүсүз каза болгон — ал 60 жашта болчу. Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты Буэнос-Айресте жайгашкан Каса-Росада президенттик сарайында өткөн.