Нурланбек Шакиев «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын төрагасы болду

Нурланбек Шакиев. Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы.

Жогорку Кеңештеги «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын төрагасы болуп Нурланбек Шакиев шайланды. Мындай чечимди фракциянын мүчөлөрү 29-марттагы жабык жыйында кабыл алышты. Бул тууралуу депутат Айбек Осмонов «Азаттыкка» билдирди.

Буга чейин «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын жетектеген Бакыт Төрөбаев 28-мартта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин тармактык комитети жактырган.

Нурланбек Шакиев деген ким?

Нурлан Шакиев 45 жашта. Аксы районунун Кара-Жыгач айылында туулган. 1999-жылы Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин башкаруу адистигин бүтүргөн.

Шакиев NewTV телеканалынын директору катары белгилүү. Дал ушул телеканал 2019-жылы «жакшы» Курманбек Бакиев жөнүндө сюжетти эфирден кетирген. Сюжеттеги каармандардын бири мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевди Максим эмес, Манас деп атагысы келгенин, ал эми Курманбек Бакиевди жакшы жагынан көрсөтүп, «ал жакшы иштегенин» жана аны Кыргызстанда «сыйлашат жана жакшы көрүшөт» деп айткан.

Анда Нурланбек Шакиев сюжетти Бакиевдин классташтары тартканын айткан.

Шакиев Курманбек Бакиевдин командасында 2006-2009-жылдары иштеген. Алгач ошол кездеги президенттин администрациясына басма сөз катчы болуп келген, Бакиев тактан кулагандан бир жыл мурда президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси болгон.

2009-жылы «ЭлТР» коомдук телеканалын жетектеген, бирок революциядан кийин кызматтан алынган. Ал эми бийлик алмашкандан кийин

2010-2011-жылдары Маданият, маалымат жана туризм министри болгон.

2010-жылдагы парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» партиясы, 2015-жылдагы парламенттик шайлоого «Республика — Ата-Журт» партиясы менен катышкан. Ал эми 2021-жылы Шакиев №17 Аксы шайлоо округунан депутат болуп келген.

Тема боюнча:

Бакыт Төрөбаев өкмөт башчынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды