Жарандарды убактылуу жашаган жеринде милдеттүү каттоого тургузуу сунушталды

Санариптик өнүктүрүү министрлиги жарандарды убактылуу жашаган жери боюнча каттоого турууну милдеттендирген «Ички жер которуу жөнүндөгү» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады. Мыйзамдын долбоору минкабдын сайтында жарыяланды.

Ага ылайык, Санарип өнүктүрүү министрлиги жарандарды туруктуу жашоо үчүн делбеген барган жери боюнча каттоого тургузууну сунуштап жатат. Ошол эле кезде жарандарды каттоону электрондук система аркылуу жүргүзүү пландалууда.

Каттоонун негизги принциби — ички миграция процессин, анын ичинде онлайн жөнгө салуу.

Каттоо жана каттоодон чыгаруу «Даректик маалымдама бюросу» (ДМБ) автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу жүргүзүлөт. Ведомстводон бул түшүндүрүшкөндөй, бул калкты жашаган жери жана барган жери боюнча каттоо чөйрөсүндөгү маалыматтарды топтоого, сактоого, берүүгө жана иштеп чыгууга байланышкан ишти автоматташтырууга арналган программалык-аппараттык каражаттардын жыйындысы экенин түшүндүрүштү.

«Уруксатсыз курулган курулуштарда жашаган жарандарды жана алардын жакын туугандарын каттоо жана каттоодон чыгаруу жер ресурстары боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жер участогуна менчик укугу тууралуу күбөлүк жана техникалык паспорт болгондо жүргүзүлөт», — деп айтылат мыйзам долбоорунда.

Мындан тышкары, документ боюнча, жарандар жана алардын туугандары көчкөн сайын сайын жаңы даректи көрсөтүп каттоого турушу керек. Муну онлайн же арыздын негизинде кылса болот.

Долбоордун маалымкат-негиздемесинде документтин негизги максаты катары өлкөдөгү ички миграцияга процессин жөнгө салуу деп көрсөтүлгөн.