Ысык-Көл облусунда «Байрактар» колдонулган тактикалык машыгуулар башталды

Ысык-Көл облусунда биринчи жолу сокку уруучу «Байрактар» учкучсуз учуучу аппараттарын колдонулган «Калкан-2022» атайын тактикалык машыгуулары башталды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Басма сөз кызматтан машыгуулар Балыкчы шаарында Коргоо министрлигинин «Эдельвейс» окуу борборунун базасында өтүп жатканын кошумчалашты. Машыгуунун жүрүшүнө президент Садыр Жапаров көз салып жатат. Машыгуунун негизги максаты — «мамлекеттик чек ара тилкесинен өтүп кирип келген шарттуу душманды жок кылуу боюнча» Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн иш-аракеттеринин ырааттуулугун иштеп чыгуу.

Минкабдын башчысы Акылбек Жапаров, Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Президент машыгуунун катышуучуларына кайрылып жатып, Кыргызстан «Тынчтык жана ынак коңшулук саясатын жүргүзүү» жана «региондогу туруктуулуукту сактоо үчүн болгон күч-аракетин жумшап келет» деп белгиледи.

Ал Борбор Азия өлкөлөрүндөгү, айрыкча Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу «террордук жана диний-экстремисттик коркунучтардын жогорку деңгээлде сакталып турушу өзгөчө кооптонууга алып келип жатканын» кошумчалады.

«Машыгуулардын активдүү фазасы Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна болгон бардык коркунучтарга карата адекваттуу жооп кайтаруу чараларын көрүүгө даярдыгыбызды тастыктайт», — деп белгиледи президент.

Аскер кызматкерлери «Калкан-2022» машыгуусунда. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Буга чейин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев «Байрактар» сыноодон өткөрүлөрүн билдирип, учкучсуз учуучу аппараттардын «мүмкүнчүлүктөрүн дүйнө жүзүнө көрсөтүү ниети» бар экенин айткан.

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө алып келинген «Байрактар»

Түркиянын Bayraktar TB2 учкучсуз учуучу аппараттары УКМКнын Чек ара кызматына өткөн жылдын декабрынын ортосунда келип түшкөн. Аппараттар бюджеттик каражатка алынган, бирок аларга канча акча коротулганы белгисиз. Ошондой эле өлкөгө канча аппарат алып келингени да айтылган эмес.

«[Учкучсуз учактар] өлкөнүн коргонуу коопсуздугун камсыз кылуу, анын ичинде мамлекеттик чек араларды кайтаруу үчүн колдонулат», — деп билдирген ошол учурда президенттин басма сөз кызматы.