Баткен облусунда курулушун Өзбекстан каржылаган 3,5 млн долларлык мектеп ачылды

Баткен облусунун Лейлек районундагы Маргун айылында 3,5 млн долларга мектеп салынды. Курулушту Өзбекстандын өкмөтү каржылаган. Бул тууралуу 1-апрелде минкабдын басма сөз кызматы кабарлады.

Мектептин ачылышына видеобайланыш аркылуу минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов катышты. Жапаров Өзбекстандын жетекчилигине мектеп курууга жардам көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

Минкабдан мектепти куруу чечими 2021-жылдын мартында президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон иш сапарында кабыл алынганын эске салышты. Минкабдагылар 330 орундуу жаңы мектептин имаратынын курулушу 2021-жылдын июлунда башталганын кошумчалашты.

Өзбекстандын демөөрчүлүгү

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы 2021-жылдын 25-октябрында Өзбекстандын өкмөтү Баткен облусунда экси мектеп куруп берүүнү пландап жатканын билдирген.

Ал жактан курулушту толугу менен Өзбекстан каржылаары, ал эми Кыргызстан бул үчүн Баткен районунун Самаркандек айылында 1,75 га, ал эми Лейлек районунун Маргун айылында 0,30 га жер тилкесин бөлүп берерин айтышкан.

«Маргун айылындагы мектеп 330 орундуу болот, ал эми Самаркандектеги мектеп — 400 орунга ылайыкталган», — деп билдиришкен анда парламенттен.

Буга чейин Өзбекстандын колдоосу менен Кадамжай районунда 200 орунга ылайыкташкан жугуштуу оорулар бейтапканасы курулган. Жеңил конструкциядагы оорукана Кадамжай районунун аймактык ооруканасынын аймагына салынган.