Кадамжайда Өзбекстандын жардамы менен 200 орундуу оорукана курулду

Баткен облусунун Кадамжай районунда 200 орунга ылайыкташкан жугуштуу оорулар бейтапканасынын курулушу аяктады. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүгүнүн басма сөз кызматы кабарлагандай, бейтапкана жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет.

Жеңил конструкциядагы оорукана Өзбекстандын колдоосу менен Кадамжай районунун аймактык ооруканасынын аймагына курулду.

«Оорукана керектүү медициналык жабдуулар жана эмеректер менен толук камсыздалып, бейтаптар үчүн бардык шарттар түзүлгөн», — деп билдиришти өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгү.

Бейтапкананын курулушу бир ай мурун башталган болчу. Ошондой эле, бейтаптарды дарылоодо Өзбекстандан тажрыйбалуу дарыгерлер келип, баткендик кесиптештер менен тажрыйба алмашуу болоору кошумчаланган.

Буга чейин да Баткенге Өзбекстандан 6 млн 300 миң сомдук гуманитардык жардам келген. Анда медициналык каражаттар болгон. Ошондой эле, коңшу мамлекеттен Ош шаарына да май айында баасы 248 миң долларды түзгөн медициналык каражаттарды түзгөн гуманитардык жардам келген.

15-декабрга карата өлкө боюнча коронавирустун 77 910 учуру катталды. Анын ичинен 7 010у Баткен облусунан аныкталган. Аталган аймакта коронавирустан 6 469 бейтап сакайып, 67 бейтап каза болду.