Күндүн буюрсасы: «Кудай буюрса, аягына чыгарабыз» — Президент темир жолдун курулушу тууралуу

Президент Садыр Жапаров 31-мартта Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече темир жолунунун курулушунун башталышына расмий старт берди. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

«Кудай буюрса, баштаган ишти аягына чыгарабыз. Себеби бул элдин талабы, өлкө экономикасын өнүктүрүү үчүн маанилүү өбөлгөлөрдүн бири болуп эсептелет», — деди Жапаров ачылышта.

Ал Жалал-Абад облусундагы Макмал алтын кени аркылуу өтүүчү темир жолду куруу менен бара-бара өлкөнүн түндүк жана түштүк бөлүгүн бириктирүү пландалып жатканын кошумчалады. Жапаровдун айтымында, темир жол Кыргызстан үчүн иштеп, өлкөгө толук кандуу пайда алып келет.

Ысык-Көл облусундагы Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолунун курулушу 24-мартта башталган. Анда Жапаров Фейсбук барагында жолдун Балыкчыдан Кочкорго чейинки бөлүгүн 1-2 жылда бүтүрүү, ал эми Кара-Кечеге чейинки бөлүгүн андан кийин улантуу пландалганын жазган.

Биринчи этап узундугу 63 чакырымдык Балыкчы — Кочкор темир жолун курууну камтыйт.