Мунайдын баасы азырынча түшпөйт — нефтетрейдерлер күйүүчү майды эски курс менен сатып алган

31-мартта нефтетрейдерлер өлкөдө күйүүчү майдын баасы азырынча мурдагы деңгээлде калаарын билдиришти. Бул тууралуу алар Монополияга каршы мамлекеттик кызматы менен жолугушуу учурунда айтышты.

Монополияга каршы мамлекеттик кызматы нефтетрейдерлерден жогорку курс менен сатып алынган күйүүчү майдын калган бөлүгүн арзан баада сатууну суранды.

Кызматтан өлкө дизелдин жакынкы үч айга, бензиндин — бир айга жете турган кору бар экенин кошумчалашты.

Ал ошол эле күнү Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов «Акчабар» сайтына маек куруп, сомдун курсунун бекемделишинин шартында күйүүчү майдын баасы да арзандашы мүмкүн экенин айткан.

Ал күйүүчү майдын баасы качан түшөрүн болгоп айтуу мүмкүн экенин кошумчалаган.

«[Доллардын курсу жогору болгон учурда сатып алынган күйүүчү майлар] толук сатылып бүткөнчө жана күйүүчү-майлоочу майлардын жаңы көлөмү жаңы баада келгенде гана май куючу жайлардагы баалар акырындык менен жөнгө салынат», — деген ал.

Күйүүчү майга болгон баалардын өсүшү

Орусиянын Украинага кол салуусу жана Орусияга каршы киргизилген эл аралык санкцияларга байланыштуу Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы кайрадан өсө баштаган. Санкциялардан улам рублдун курсу, анын артынан сомдун да куну түшүп кеткен. Анда доллардын курсу болжолдуу 105 сомго чейин жеткен.

28-февралда Канатбек Эшатов доллардын куну жана орусиялык нефть иштетүүчү заводдордо сатуу баалары жогорулагандыктан мунайдын баасы көтөрүлө берерин билдирген.

Анда ал доллардын баасы бир сомго көтөрүлгөн сайын күйүүчү майдын баасы орточо 60 тыйынга жогорулап турарын айткан болчу.

Бирок марттын аягында доллардын курсу кескин төмөндөдү — Улуттук банк 1-апрелге карата доллардын наркын 82,46 сом деп белгиледи.