Президенттин басма сөз кызматынын экс-башчысы «Айыл Банктын» директорлор кеңешине шайланды

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз кызматынын мурдагы башчысы Нурай Марс «Айыл Банктын» директорлор кеңешине шайланды. Бул тууралуу банктан кабарлашты.

Банктын маалыматына ылайык, акционерлер 29-мартта өткөн жылдык чогулушта директорлор кеңешинин төрагасы Малабек Токтоболотовдун жана директор кеңешинин мүчөсү Адилет Жакыбалиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотушкан.

Алардын ордуна Назгүл Алакова менен Нурай Марс келген. Директорлор кеңешинин төрагалыгына Нургазы Абдрашев шайланган.

Нурай Марс президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчилигине 2021-жылдын 18-майында келген. Ал Галина Байтеректин ордуна дайындалган.

Ал эми 2021-жылдын 28-ноябрында Садыр Жапаров Нурай Марсты ээлеген кызматынан бошотуп, ордуна «7-каналдын» башкы директору Алтынбек Жумаевди дайындаган.

Улуттук банктын дайындоолору

Улуттук банк март айында өлкөнүн төрт коммерциялык банкына ар башка кызматтарга дайындоо үчүн жети адамдын талапкерлигине макулдук берген.

Ага ылайык, көз карандысыз эксперт Рысбек Жумаканов менен бизнесмен Бакыт Жумашев «Керемет Банктын» директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү кызмат ордуна шайланган.

Сергей Ибрагимовдун кызы — «Бакай Банктын» акционери — Кира Ибрагимова жана парламенттин мурдагы депутаты Гүльшат Асылбаева «Бакай Банктын» директорлор кеңешинин мүчөсү болуп дайындалышкан. Ал эми банктын төрагалыгына Сергей Ибраимов шайланган.

«Кыргызстан Коммерциялык банкынын» төрагасынын милдетин аткаруучусу Мурас Качкеев «Бай-Түшүм» банкынын башкармалык төрагасынын биринчи орун басары болуп бекиген. Ал эми «ФинансКредитБанктын» директорлор кеңешинин мүчөсү Эрмек Альчиевдин талапкерлиги ушул эле банктын төрагалыгына жактырылган.