Президент элчиликтерге барбоого чакырды, бирок Горький паркында акцияга өткөрүүгө каршы эмес

Президент Садыр Жапаров Фейсбук барагына «Путинизмге» каршы 2-апрелде өтө турган антиаскердик митингдердин шартында кайрылуу жасады. Буга чейин Бишкектин бардык төрт райондук соту 1-июлга чейин Орусия менен Украинанын согушуна байланышкан тынчтык чогулуштарды, митингдерди жана акцияларды өткөрүүгө тыюу салган болчу.

Жапаров 2-апрелде адамдардын тобу «акция уюштуруп, Бишкектин көчөлөрүндө жөө жүрүш жасап, элчиликтердин алдына барабыз деген ниеттерин билдиришкени» тууралуу маалымат алганын жазды. «Путинизмге» каршы митингдин уюштуруучулары бүгүн Горький атындагы парктан Орусия элчилигине чейин жөө жүрүш менен келип, андан соң таркап кетүүнү пландашкан.

«Ар бир ниеттин же кадамдардын чеги болот. Элчиликтер жана анын аянтчалары башка мамлекеттердин менчиги болуп саналат. Кол тийгис. Дүйнө жүзүндө биздин дагы элчиликтерибиз бар. Алар дагы биздин кол тийгис аянтыбыз. Бирөө жарым келип, эшигин каккылап, баш аламандык кылганга акысы жок», — деп белгиледи президент.

Ошол эле учурда президент өлкө «демократия багытынан кайтпаганын» жана «жарандардын оозун тыйып, укугун чектебесин» билдирди.

«Митингдер сөзсүз болуш керек. Ал үчүн Горький паркын аныктап бердик. Кааласаңыздар 24 саат бою митинг кылыңыздар. Каалаган сөзүңүздөрдү, пикириңерди айтыңыздар. Эч ким каршы эмес. Бир гана сураныч: Элчиликтерди тынч койуңуздарчы», — деп кайрылды өлкө башчысы.

Бирок 1-апрель күнү кечинде Бишкек ШИИБи калаанын райсоттору 1-июлга чейин бардык тынч чогулуштарга, митингдерге, Орусия жана Украинанын согушу тууралуу акцияларга тыюу салганын билдирди. Тыюуга Ала-Тоо аянтындагы расмий иш-чаралар кирбейт.

Бирок шаардык милициядан мындай тыюу кайсыл укуктук негизде кабыл алынганын, ошондой эле «орус-украин куралдуу жаңжалынын маселеси боюнча» Ала-Тоо аянтында кандай расмий иш-чаралар пландалып жатканын түшүндүрүшкөн жок.

Орусиянын Украинага толук алкактуу кол салуусу 24-февралда башталган. Ошол күндөн бери элчиликтин Бишкектеги имаратынын алдында бир нече акция, Украинага куралдуу кол салууга каршы да, Орусияны колдогон акциялар да өткөн.

Орусия элчилигинин алдында (Орусияны да, Украинаны да колдоо акциялары) митингдерди өткөрүүгө тыюу салынгандан кийин акциялар Бишкектин Горький скверинде өткөрүп жаткан.