«Путинизмге» каршы митинг. Милиция согушка каршы акциянын катышуучуларын кармап кетти

Бишкекте Горький паркында «Путинизмге» каршы өтүп жаткан митинг үзгүлттүккө учурады. Милиция чогулгандарды кармап, автозакка салып кетти.

«Клооптун» кабарчысы билдиргендей, милиция акциянын катышуучуларын Биринчи май РИИБине алып кеткен.

Гүлбакка чогулгандар «Согушту токтот», «Путин согушту токтот» жана «Согушка жол жок» деген плакаттарды көтөрүп чыгышкан.

Милиция митингчилерди кармоо учурунда Бишкектин бардык төрт райондук сотунун 1-июлга чейин Орусия менен Украинанын согушуна байланышкан тынчтык чогулуштарды, митингдерди жана акцияларды өткөрүүгө тыюу салган чечимин жүйөө кылган.

Согушка каршы митинг башталаардан бир нече саат мурда аталган гүлбакта Орусияны колдоо митинги да өткөн. Бирок калаа милициясы аларга соттун тыюу салган чечими бар экенин эскерткен эмес.

Президент Садыр Жапаров 1-апрелде Фейсбук барагына «Путинизмге» каршы антиаскердик митингдердин шартында кайрылуу жасап, элчиликтердин алдында митингге чыкпоого чакырган. Бирок президент, Горький гүлбагы митингдерди өткөрө берсе болорун айткан.

«Митингдер сөзсүз болуш керек. Ал үчүн Горький паркын аныктап бердик. Кааласаңыздар 24 саат бою митинг кылыңыздар. Каалаган сөзүңүздөрдү, пикириңерди айтыңыздар. Эч ким каршы эмес. Бир гана сураныч: Элчиликтерди тынч койуңуздарчы», — деп кайрылган өлкө башчысы.

Президент өлкө «демократия багытынан кайтпаганын» жана «жарандардын оозун тыйып, укугун чектебесин» дагы кошумчалаган.

«Путинизмге» каршы митингдин уюштуруучулары бүгүн 2-апрелде Горький атындагы парктан Орусия элчилигине чейин жөө жүрүш менен келип, андан соң таркап кетүүнү пландашкан болчу.