COVID-19: Бир жумада жети адам каза болуп, 89 жаңы учур катталды

Иллюстративдик сүрөт.

Кыргызстанда 28-марттан 4-апрелге чейин коронавирустан жети адам каза болду. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, каза болгондордун жалпы саны 2 991 адамга жетти.

Бир жумада COVID-19 жуктуруунун 89 учуру катталды — илдет Бишкек шаарында 71 жана Чүй облусунда 18 кишиден аныкталды. Калган облустарда коронавирус жуктургандар катталган жок.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 200 968 адамга жетти.

Ошондой эле, акыркы жумада илдеттен 78 бейтап айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери өлкө боюнча коронавирустан жалпы 196 миң 248 адам айыкты.

Ал эми 4-апрелге карата 96 бейтап ооруканада, 46 адам үй шартында дарыланып жатат.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.