Дүкөндөрдө мындан ары тамеки заттарын ачык коюп сатууга болбойт

Өлкө боюнча дүкөн жана супермаркеттерде эми тамеки заттарын ачык көрсөтүүгө болбойт. Бул «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө» мыйзамы менен шартталган.

Мыйзамга президент Садыр Жапаров 2021-жылдын сентябрында кол койгон, бирок тамеки заттарын ачык көрсөтүүгө тыюу салуу нормасы 2022-жылдын 28-мартынан тарта күчүнө кирген.

Бул күндөн тарта мыйзамдын бир нече ченеми күчүнө кирди, ага ылайык, тамеки заттары менен дүң жана чекене соода кылууга, анын ичинде аларды ачык көрсөтүүгө тыюу салынат.

Ачык чыгарып сатуу тыюусуна төмөнкүлөр кирди:

  • ысытылуучу тамекиси бар буюмдар;
  • тамекини ысытуучу системалар;
  • никотин камтылган буюмдар;
  • электрондук тамекилер жана аралашмалар.

Дүкөндөн тамеки заттарын кантип сатышы керек?

Мыйзамгы ылайык, соодагерлер кардарларга өздөрүндөгү товардын тизмесин жарыялап, алардын аталышы жана баасы тууралуу маалыматтарды бере алат, бирок алардын эн белгисин жана сүрөттөрүн жарыялоого болбойт.

Ошондой эле тамеки заттарын жабык шкафтарда гана сактоого уруксат берилет, ал эми заттарды жарнамалоого, эн белгисин жана сүрөттөрүн ачык жайгаштырууга тыюу салынат.

Мыйзам дагы эмнелерге тыюу салат?

Тамеки заттарын ачык коюп сатуудан тышкары мыйзам электрондук тамекилерди, кальяндарды жана аралашмаларды коомдук жайларда чегүүгө тыюу салат.

Документке ылайык, коомдук жай катары «ээлик кылуу негиздерине жана пайдалануу укугуна, ошондой эле жеткиликтүү болгон убакытка карабастан, саны чектелбеген адамдардын чөйрөсүнө же жамааттык пайдаланууга жеткиликтүү жайлар» эсептелет.

Чегүүгө төмөнкү жерлерде тыюу салынат:

  • подъезддерде, лифттерде, тепкич аянтчаларда жана аянттарда, дааратканаларда, анын ичинде көп батирлүү турак үйлөрдүн жалпы колдонуучу жайларында, коммуналдык батирлердин көмөкчү жана кошумча жайларында;
  • мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ээлеген имараттарда жана жайларда;
  • имараттарда, курулмаларда жана жайларда уюштурулган жумуш орундарында жана жумушчу зоналарда;
  • жайларда жайгашкан коомдук тамактануу жайларында (түйүндөрүндө);
  • коомдук транспортто, анын ичинде таксиде, суу жана аба транспортунун кемелеринде, жергиликтүү жана алыс каттамдагы поезддерде;
  • коомдук транспорттун аялдамаларында.