Хельсинки комитети: Next TV’ны жабуу чечими жокко чыгып, директору бошотулушу керек

Норвегиянын Хельсинки комитети (The Norwegian Helsinki Committee— NHC) Кыргызстандын бийлиги «Next TV көз карандысыз маалымат каражатынын негизсиз жабылышын токтоосуз түрдө жокко чыгарып», телеканалдын директору Таалайбек Дүйшөнбиевди эркиндике чыгарууга тийиш экенин билдирди. Дүйшөнбиевди УКМКнын кызматкерлери 3-мартта улуттар аралык кастыкты козутууга шектеп кармашкан. Ошол эле күнү телеканалдын кеңсесине мөөр басылып, иши убактылуу токтотулган.

Таалайбек Дуйшенбиев. Сот отурумундагы видеодон скриншот.

Иш телеканал жарыялаган, кийин экстремисттик деп табылган материалга байланыштуу. Материалда журналисттер Казакстандын атайын кызматынын мурдагы жетекчиси Альнур Мусаевдин айткан сөздөрүн чыгарышкан. Мусаев билдирүүсүдө «Кыргызстан менен Тажикстан Орусиянын басымы менен өз позицияларынан тайып, өлкөгө жашыруун түрдө аскердик колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдиришкен» деп жазган.

Комитет маалымат каражаттарына карата кылмыш иштерин козгоону мыйзамдуу журналисттик иш үчүн «өч алуу» жана басма сөз эркиндигине жол берилгис «кол салуу» болуп саналат деп эсептейт.

«Биз, Кыргызстандын бийлигинен тез арада айыптарды алып салууну, Таалай Дүйшөнбиевди бошотууну жана Next TV телеканалын жабуу чечимин жокко чыгарууну талап кылабыз. Орусиянын Украинадагы согушу жана анын чет өлкөлөрдөгү аудиторияга багытталган пропагандалык аракеттери дүйнөлүк коомчулуктун эркин жана көз карандысыз маалымат алуу муктаждыгын мурдагыдан дагы актуалдаштырды», — деп билдирди Норвегиянын Хельсинки комитетинин башкы катчысы Гейр Хённеланд.

Бул иш боюнча УКМК журналист Перизат Саитбуркан кызын, телеканалдын продюссери Өмүрбек Сатаевди, саясатчы Равшан Жээнбековдун уулу — Азат Жээнбековду жана активист Айсулуу Кудайбердиеваны суракка алган.

Телеканалдын ээси Равшан Жээнбеков комитетке уулу жана каналдын SMM-адиси Айсулуу Кудайбердиева УКМКга суракка чакырылганын бүткүл Кыргызстан боюнча эркин басма сөзгө басым катары бааланып жатканын билдирген.

Тема боюнча окуңуз: Журналисттерди коргоо боюнча эл аралык комитети Дүйшөнбиевди бошотууну талап кылды

Кыргызстанда ЖМКга карата басым күчөп жатат