Next TV’нын иши: Равшан Жээнбековдун уулу менен Кудайбердиева суракка чакыртылды

Саясатчы Равшан Жээнбековдун уулу — Азат жана активист Айсулуу Кудайбердиева 1-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетке суракка чакыртылды. Бул тууралуу алар өздөрүнүн соцтармактагы барактары аркылуу билдиришти.

Алардын айтымында, суракка чакыруу Равшан Жээнбеков ээлик кылган Next TV телеканалынын иши менен байланыштуу.

«Мен муну өлкөдөгү сөз эркиндигине, мага жана менин үй-бүлөмө кысым деп эсептейм», — деп жазган Азат Жээнбеков күбө катары чакыртылганын кошумчалап.

Next TV’га карата иш телеканал Казакстандын улуттук коопсуздук комитетинин экс-башчысынын «Кыргызстан менен Тажикстан жашыруун түрдө Орусияга аскердик колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдиришти» деген билдирүүсүн чыгарганына байланыштуу.

Ал эми Кыргызстандын Коргоо министрлиги бул сөздөрдү четке кагып, кыргыз аскерлерин өлкө сыртында болуп жаткан кандайдыр бир аскердик окуяларга катыштыруу планы жок экенин билдирген. Мусаевдин билдирүүсүн телеканал өзүнүн соцтүйүндөрүндө жарыялаган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Next TV телеканалы жарыялаган материалын экстремисттик деп таап, телеканалдын директору Таалай Дүйшөнбиевди «Аймактар аралык кастыкты козутуу» беренеси менен шектеп, эки айга УКМКнын тергөө абагында калтыруу чечимин чыгарган.

Жарыяланган публикацияны экстремистик деп табуудан тышкары, Башкы прокуратура телеканалды жабууну жана өлкө боюнча берүүлөрүн токтотууну талап кылган, бирок сот көзөмөл органынын өтүнүчүн четке каккан. Ал арада телеканалдын кеңсеси мөөр басылган боюнча жабык турат.