Кыргыз эл артисти Марат Алышпаев 75 жашында дүйнө салды

Маркум Марат Алышпаев.

Кыргыз эл артисти, актёр Марат Алышпаев 75 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Актёрду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 5-апрелде саат 12-00дө Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт. Эл артистинин сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.

Марат Алышпаев 1947-жылы 17-декабрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. Ал 1972-жылы Анатолий Луначарский атындагы Москва театр искусство институтун аяктаган. Алышпаев алгачкы эмгек жолун ошол эле жылы Ош шаардык драма театрында баштаган.

Ал 1991-1997-жылдары Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театрын, 2003-жылы Караколдогу Касымалы Жантөшев атындагы музыкалык драма театрын, 2010-2014-жылдары Токтоболот Абдумомунов атындагы академиялык драма театрында жетекчилик кызматты аркалаган.

Алышпаев өмүрүнүн соңку жылдарын Бишкектеги Токтоболот Абдумомунов атындагы академиялык драма театрында актёр катары эмгектенип келген.

Марат Алышпаев классикалык чыгармалардан сахнада Шекспирдин «Гамлетин», «Король Лирди», «Ричард III» пьесаларында, ошондой эле Гогольдун «Текшерүүчү» драмасында Хлестаковдун ролун жараткан. Ошондой эле ал 2021-жылы режиссёрлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу тарткан «Акыркы көч» тасмасында башкы ролду ойногон.