Бишкекте Кыргыз эл акыны Омор Султанов менен коштошуу зыйнаты өттү

Кыргызстандын эл акыны Омор Султанов көз жумду. Ал 86 жашта болчу. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

5-апрелде Бишкектеги Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында акынды акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп, ага акындын жакындары, кесиптештери, ошондой эле көрүнүктүү коомдук ишмерлер катышты.

Маданият министри Азамат Жаманкулов тажияда Омор Султановдун кыргыз адабиятына кошкон баа жеткис салымын белгилеп, акындын туугандарына жана жакындарына көңүл айтты.

Омор Султанов 1935-жылы 6-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Тосор айылында туулган. 1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. Ошол эле жылы Ала-Тоо журналында иштеп баштаган. Маркумдун алгачкы ыр жыйнагы «Тоо күндөрү» деген аталышта 1961-жылы жарык көргөн.

1964-жылы Султанов СССРдин жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. 2007-жылы Кыргызстандын жазуучулар союзунун төрагасы болуп дайындалган жана «Жаңы Ала-Тоо» журналынын негиздөөчүлөрүнүн бири болгон.

Омор Султанов кыргыз жана орус тилдеринде жазган, ошондой эле орус тилиндеги чыгармаларды кыргыз тилине которгон. Ал ыр жыйнактарын, повесттерди жана романдарды жазган.

Султанов «Тоо күндөрү», «Жылдыздуу түндөр», «Отузунчу станция», «Всегда со мной», «На ветрах Иссык-Куля» жана башка көптөгөн ыр жыйнактардын ээси. Ал «Ак жол, көк асман», «Улуу дайра», «Белая дорога, синее небо» повесттерин да жазган, анын «Дорога к океану» деген очерки да бар. Анын романдарын «Адамдын турмушу», «Жан берели сүйүүгө», «Таинственный всадник», «Весть с того света» жана «Остров дракона» аталышындагы жыйнактарынан дагы окуса болот.