ӨКМ: Ош шаарында карыяны дубал басып калып каза болду

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы 5-апрелде Ош шаарында 75 жаштагы кишини дубал басып калып, каза болгонун кабарлады.

Маалыматка ылайык, ӨКМдын ыкчам кызматына Касымов көчөсүнүн тургуну үйүнүн эшигин ачпай жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Жерине барган куткаруучулар үйдүн каалгасын бузуп кирип, урандылардын алдында калган пенсионердин сөөгүн алып чыгышкан.

ӨКМден маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилгенин кошумчалашты.

26-мартта Бишкектин Фрунзе жана Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишиндеги жаңы салынып жаткан көп кабаттуу турак жайдын дубалы урап, жанындагы эки кабаттуу үйдүн чатырын талкаланган. Кырсыктын кесепетинен үч киши жаракат алган.

Тема боюнча:

Сүлүктүдө шахта урап түшүп бир киши каза таап, дагы бирөө жаракат алды

Бишкекте курулуш фирманын кампасынан чыккан өрттөн бир адам каза болду