Анталия жана Даламан шаарларынан Ошко авикаттам ачылат

Иллюстративдик сүрөт.

«Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы Түркиянын Даламан жана Анталия шаарларынан «Ош» эл аралык аэропортуна каттамдарды ачуу пландалып жатаканын билдирди.

Маалыматка ылайык, авиакаттамдарды «Пегасус» компаниясы ишке ашырат.

Анталия — Ош — Анталия багыты боюнча каттамды 2-июндан 29-сентябрга чейин, дүйшөмбү жана жума күндөргө аткаруу пландалууда. Ал эми Даламан — Ош — Даламан багыты боюнча каттам 4-июндан 27-сентябрга чейин, шаршемби жана ишемби күндөргө пландалууда.

Өткөн жылдын октябрында 2012-жылдан бери токтоп турган Ош — Стамбул авиакаттамы жанданган. Үстүбүздөгү жылдын февралында беш өлкө, анын ичинте Түркия Кыргызстанга туруктуу аба каттамдарын көбөйткөн. Ага ылайык төмөнкү багыттар боюнча авиакаттамдардын саны өскөн:

  • Turkish Airlines: Стамбул — Бишкек — Стамбул — жумасына 12 жолу;
  • Pegasus: Стамбул — Бишкек — Стамбул — жумасына 14 жолу;
  • Анталия — Бишкек — Анталия — жумасына 3 жолу.

Буга чейин, 21-февралда алгачкы жолу Оштон Бириккен Араб Эмираттарына түз аба каттамы ачылган. Анда Ош эл аралык аэропортуна эмирликтин Шарджа шаарынан алгачкы учак келип конгон. Каттамдар жумасына үч жолу аткарылары белгилүү болгон.

Тема боюнча:

«Жумасына үч жолу учат». Ош — БАЭ аба каттамы иштеп баштады

Беш өлкө Кыргызстанга болгон туруктуу аба каттамдарын көбөйттү