Башпрокурор: Айзаданы издөөдөгү милициянын шалаакылыгы боюнча иш токтотулуп турат

Калаа милициясынын кызматкерлеринин Айзада Канатбекованы издөөдөгү шаалакылыгына байланыштуу кылмыш ишин иликтөө токтотулуп турат, бирок кыскартылган эмес. Бул кыздын киши колдуу болушуна алып келген. Маалыматты 5-апрелде башпрокурор Курманкул Зулушев эки парламенттик комитеттин биргелешкен жыйынында айтты.

Анын айтымында, иликтөөнү УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгы 3-мартта эле убактылуу токтоткон.

«[Иликтөө] Жазык-процессуалдык кодекстин үчүнчү пунктунун биринчи бөлүмүнүн 246-беренесине ылайык токтотулуп турат», — деди ал.

ЖПКнын бул бөлүмүндө тергөө айыпталуучу катарында жоопко тартууга тийиш болгон жакты аныктоого мүмкүн болбогондо токтотулаары айтылат.

Ал эми көзөмөл органынын басма сөз кызматынан «Клоопко» бул иш боюнча тергөө иштери уланып жатканын жана ал кыскартылбаганын түшүндүрүштү.

«Мен жогоруда айтып кеттим. Бул фактылар боюнча кылмыш иштери тергелип турат. Кайрадан баа берүү үчүн аракеттер болот», — деп билдирди Зулушев парламентте.

Буга чейин Башкы прокуратурадан бул иш көзөмөл органынын «өзгөчө көзөмөлүндө экенин» айтышкан.

Жабырлануучу тарап эмне дейт?

Жабырлануучу тараптын адвокаты Нурбек Токтакунов милиционердердин шалаакылыгына байланыштуу ишти «жабылган» деп эсептейт. Анын айтымында, адатта мындай иштерди кылмышкерлерди таппай коюшканда токтотуп коюшат.

«Бирок шалаакылык иши боюнча күнөөлүлөрдү издөөнүн кажети жок. Жооптуу адамдар анык, тергөөчү алардын чечимин, аракетин же аракетсиздигин мыйзам боюнча кандай чара көрүүлүүсү керек болгондугу менен гана салыштырып карап чыгышы керек. Мындай иштер айыптоо корутундусу менен сотко жөнөтүлөт же эгер тергөөчү шалаакылык болгон эмес деген бүтүмгө келсе, анда токтотулат. Шалаакылык боюнча иштин токтотулушу, шалаакылык болгон жана күнөөкөрү белгисиз дегенди түшүндүрөт. Курманкул Зулушев прокурордук система жөндөмдү эмес экенин мойнуна алгандай болууда», — деп эсептейт Токтакунов.

Токтакунов алар «ишти кыскарткандан коркуп жатышканын», себеби «шалаакылык болгону анык экенин», бирок «иште прокурордук кызматкерлердин Айзада уурдалгандан кийин аны издөө боюнча активдүү чараларды көрүп жатышканы тууралуу өткөн күн менен даярдалып жана жасалмаланган документтер бар болгондуктан» айып тагууну каалабай жатышат деп билдирди.

«Ошондуктан алар ишти, шаалыкылык тууралуу иштери боюнча абсурд деп саналган негиз боюнча [убактылуу] токтотуп жатышат», — деди адвокат.

Тема боюнча: Айзаданын өлүмү. Адвокат Токтакунов милицияны жасалма документ жасоого айыптады

Айзада Канатбекованын уурдалып, андан соң өлтүрүлүшү

Айзада Канатбекова 5-апрелде таңкы саат 5те уурдалган. Кылмышты көчөдө илинген камералар тартып калган — машинанын номери жана канча киши уурдаганы белгилүү болгон. Арадан эки күн өткөн соң, Бишкектин чет жакасындагы талаадан чабан машинаны байкап калып, ал жерден кыздын, ал эми жанында аны уурдаган Замирбек Теңизбаевдин сөөгү табылган.

Айзада Канатбекованы уурдоо учуру байкоочу камерага түшүп калган. Сүрөт: Байкоочу камерадан скриншот.

Милиция Теңизбаев кызды муунтуп, андан соң өз жанын кыйганын билдирген. Кийинчерээк Теңизбаев Айзаданы өлтүрөөр алдында зордуктаганы белгилүү болгон.

Кыздын уурдалып, андан соң өлтүрүлүшү коомдо резонанс жараткан. Ал тургай ишти президент өз көзөмөлүнө алып, «иш аягына чыгарылып, жазасы сөзсүз болорун» белгилеген.

Кыздын сөөгү табылган күндүн эртеси укук коргоо органдарынын аракетсиздигине нааразы болгон жүздөгөн жарандар Ош жана Бишкек шаарларында митингге чыккан. Чогулгандар Бишкек ШИИБдин башчысы Бакыт Матмусаев менен Ички иштер министри Улан Ниязбековдун отставкасын талап кылышкан. Милициянын жооптуу кызмат адамдары маалымат жыйын өткөрүп, кызды узак убакыт издегени үчүн актанууга аракет кылышкан.

Эки күндөн кийин милиция киши колдуу болгон кызды уурдоого катышууга айыпталгандарды кармаган. Кийин сот аларды «Алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу менен адам уурдоо» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 6,5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.

Айзада Канатбекованын киши колдуу болушуна байланыштуу кылмыш иши аны уурдап, андан соң өлтүргөн Замирбек Теңизбаевдин көз жумганына байланыштуу токтотулган. Теңизбаев өз жанын кыйган.