Айзаданын өлүмү: Башкы прокуратура милициянын шалаакылыгы боюнча иш кыскарганын төгүндөдү

Башкы прокуратура адвокат Нурбек Токтакуновдун Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу милиция кызматкерлеринин шалаакылыгы боюнча кылмыш иши кыскарды деген билдирүүсүн төгүндөдү. Көзөмөл органы тергөө уланып жатканын жана иш прокуратуранын «өзгөчө көзөмөлүндө» экенин билдирди.

Башкы прокуратурадан 8-апрелде Бишкек шаардык прокуратурасы борбор калаанын Биринчи май райондук ИИБдин кызматкерлерине карата «Шалаакылык» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш каттаганын эске салды.

«Милиция кызматкерлерине […] карата сотко чейинки өндүрүш кыскартылды деген […] билдирүү чындыкка коошпойт. Азыркы убакта кылмыш иши УКМКнын шаардык башкармалыгында тергелип жатат», — деп баса белгилешкен көзөмөл органдан.

Адвокат эмне деп билдирген?

Буга чейин адвокат Нурбек Токтакунов Айзада Канатбекованын өлүмү менен аяктаган кыз уурдоо фактысына байланыштуу милиция кызматкерлеринин шалаакылыгы боюнча кылмыш иши Башкы прокуратура тарабынан кыскартылганын билдирген. Адвокат жабырлануучу тараптын — маркум Айзада Канатбекованын апасы Назгүл Шакенованын — кызыкчылыгын сотто коргоп келет.

«Бул боюнча УКМКнын тергөөчүсү Ормон Амангулов айткан. Амангулов менен Айзаданын туугандары Биринчи май райсотунан кокустан жолугуп калышыптыр. Жабырлануучу тарапка жана адвокатка бул тууралуу расмий эч ким кабарлаган эмес. Бирок тергөөнүн жүрүшү тууралуу Айзада каза болгондон бери беш ай өтсө да эч кандай маалыматтын айтылбаганы, иштин кыскарып кеткени тууралуу маалыматты тастыктап жатпайбы», — деп жазган Токтакунов фейсбук барагына.

Анын пикиринде, кыздын өлүмү коомдо чоң резонанс жаратканы «кылмыштуу шалаакылыкты жазалоого эмес, кыздын өлүмүнө жооптуу милиция кызматкерлеринен алынган паранын суммасынын көбөйүшүнө гана алып келген.

Эгерде расмий укук тартиби жана расмий сот адилеттүүлүгү иштебесе биз өз алдынча тергөө жүргүзүп, анын жыйынтыгын коомдук соттун алдына алып чыгууга аргасыз болобуз […] Журналисттер менен блогерлерге чоң өтүнүч, адам өлүмүнө алып келген милициянын шаалакылыгын жарандык иликтөөгө көмөк көрсөткүлө», — деп кайрылган ал.

Буга чейин Токтакунов борбор калаа милициясы менен прокурорлорду кызматтык жасалмалоого айыптаган. Анын айтымында, күч органдары Канатбекованы издөө учурундагы өз иш-аракеттерине байланышкан документтерди фальсификациялашкан.

Тема боюнча: Айзаданын өлүмү. Адвокат Токтакунов милицияны жасалма документ жасоого айыптады

Айзада Канатбекованын уурдалып, андан соң өлтүрүлүшү

Айзада Канатбекованы уурдоо учуру байкоочу камерага түшүп калган. Сүрөт: Байкоочу камерадан скриншот.

Айзада Канатбекова 5-апрелде таңкы саат 5те уурдалган. Арадан эки күн өткөн соң, 7-апрелде Бишкектин чет жакасындагы талаадан чабан машинаны байкап ал жерден кыздын, ал эми жанында аны уурдап кеткен адам Замирбек Теңизбаевдин сөөгү табылган. Милиция Теңизбаев кызды муунтуп, андан соң өз жанын кыйганын билдирген. Кийинчерээк Теңизбаев Айзаданы өлтүрөөр алдында зордуктаганы белгилүү болгон.

Айзада өлтүрүлгөндөн кийин милиция эки күн ичинде кылмышка катыштыгы бар адамдарды кармаган. Алар Ажыкабыл Рысбай уулу, Орозбек Нурумбетов, Сыймык Молдосариев, Кубаныч Токон уулу жана Замирбек Раманкулов. 

Бишкектин Биринчи май райондук соту 14-сентябрда Айзада Канатбекованы уурдоого айыпталган беш адамды күнөөлүү деп тапкан. Алардын бардыгы 6,5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылган.

Айзада Канатбекованы уурдоого айыпталгандар. Сүрөт: Айдай Токоева/Kloop 

Андан тышкары, бардык айыпталуучулар жабырлануучу тарапка — Айзада Канатбекованын апасы Назгүл Шакеновага — моралдык жана материалдык чыгым катары 100 миң сом төлөп бериши керек.

Айзада Канатбекованын киши колдуу болушуна байланыштуу кылмыш иши аны уурдап, андан соң өлтүргөн Замирбек Теңизбаевдин көз жумганына байланыштуу токтотулган. Теңизбаев өз жанын кыйган.

8-апрелде милициянын аракетсиздигине нааразы болгон жүздөгөн жарандар Ош жана Бишкек шаарларында митингге чыккан. Чогулгандар Бишкек ШИИБдин башчысы менен Ички иштер министринин отставкасын талап кылышкан. Милициянын жооптуу кызмат адамдары маалымат жыйын өткөрүп, кызды узак убакыт издегени үчүн актанууга аракет кылышкан.

Ал эми 10-апрелде ИИМдин 12 кызматкери кызматынан бошотулуп, дагы 32си жазаланган. Арасында Бишкек ШИИББинин жетекчиси Бакыт Матмусаев жана Тергөө кызматынын начальниги Нурлан Утемисов бар.

*Буга чейин Токтакунов Матмусаевди ИИМ башчысы Улан Ниязбековдун кеңешчиси деп атаган. Бул тууралуу өздүк булактарына таянып ЖМКлар да жазып чыккан, бирок ИИМ Матмусаевдин кеңешчилик кызматка дайындалганы тууралуу кабарлаган эмес.