Баткенде аялын өлгүчө сабап, үстүнө кайнак суу чачкан кишинин өкүмү өзгөртүүсүз калды

Кыз-келиндерге жасалган зомбулук. Иллюстрация: Алина Печенкина

Баткен облустук соту аялын өлгүчө сабап, кайнак суу куюп кыйнаган 33 жаштагы кишинин өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды — Баткен райондук соту аны 2020-жылдын июнь айында 15 жылга эркинен ажыраткан.

Эмне болгон?

Соттолуучу «С.Ш.А.» 2020-жылдын 3-январында Баткен шаарында жашаган үйүндө аялын өлгүчө сабаган. Жубайлар окуя болгон күнү үч баласын алып Ош облусунун Араван районунда жашаган келиндин ата-энесиникине барышмак.

Айыпкер мас абалында аялы менен балдарын «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаага отургузуп, жолго чыккан. Бирок ал жолдо маркумду балдарынын көзүнчө сабай баштаган. Бычак чыгарып, “өлтүрүп салам” деп коркуткан.

Андан соң унааны артка айдап, үйүнө кайтып келип, балдарын ата-энеси жашаган бөлмөгө киргизген. Өзү аскер бут кийимин кийип, аялын «башка бирөө менен жыныстык катнашта болуп жүрөсүң» деген шылтоо менен тепкилеп баштаган. Анын кесепетинен аял эс учун жоготуп, кабыргалары сынган.

«[Соттолуучу] атайын кайнатылган ысык сууну [маркумдун] сан бөлүгүнө, тактап айтканда жыныстык мүчөсү тарабына куюп, кыйноого алып, күйгүзүп азаптаган. Денесинен алган оор жараатынан улам өлүп каларын билип туруп, өзүн актоо максатында кыйналып жаткан жеринен маскаралап, колдонуп жүргөн уюлдук телефонунун камерасын жандырып коюп, аныкталбаган жагдайлар менен күнөөлөп, бир сааттай камерага тартып өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн», — деп берилет өкүмдө.

Андан кийин кийимин алмаштырып, аялдын сөөгүн унаага салып, Баткен облустук ооруканасына алып барган. Медиктерге аялы «зоб оорусунан улам эс учун жоготуп койду» деп айткан.

Соттук отурумда «С.Ш.А.» күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, аялын өлтүргүсү келбегенин айткан. Ал эми маркумдун бир тууган агасы карындашы буга чейин да зомбулукка кабылып жүргөнүн, күйөөсү менен ажырашууну көздөгөнүн билдирген.

Ошондой эле күбө алардын үй-бүлөсүндө «дайыма акчага муктаждык болгонун», мындан улам урушуп-талашып жашаганын кошумчалаган.

Баткен раойндук соту 2020-жылы айыпталуучуну «Киши өлтүрүү» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 15 жылга кескен.

Дагы окуңуз:

ИИМ: Өткөн жылы өлкөдө 10 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды