Ош: Баңгизат менен кармалган подполковник эки айга камакка алынды

Шектүү «А.У.К». Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы

3-апрелде баңгизат менен кармалган Ош ШИИБдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги «А.У.К» эки айга камакка алынды. Бул тууралуу «Клоопко» Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Айпери Туратбек кызы билдирди.

Ал эми анын шериги — Кайгуул кызматынын кенже инспектору «А.Т.уулу» бул иш боюнча күбө катары өтүп жатат, ошондуктан ага бөгөт коюу чарасы колдонулган эмес.

Милиционерлерди 2-апрелге караган түнү УКМК жана ИИМдин Ички иликтөө кызматы кармаган. Атайын кызмат алар «өзгөчө жыты бар баңгизатын» белгиленген жерге бекитүү ыкмасы менен таркатып жүргөн жеринен кармалганын белгилеген. Шектүүлөрдүн жанынан 894 грамм баңгизат табылган.

Учурда бул факты боюнча «Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө иштери жүрүүдө.

Ал эми 4-апрелге караган түнү ИИМ Баткенге Тажикстандан аткезчилик жол менен баңгизат ташып, аны сатууну көздөгөн эки милиция кызматкерин кармаган. Маалыматка ылайык, кармалгандардын бири — Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош облусу боюнча жетекчиси. Тинтүү маалында шектүүлөрдүн жанынан 30 килограммдан ашуун баңгизат табылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК баңгизат даярдоого шектеп Ош ШИИБдин эки кызматкерин кармады

ИИМ: Баткенде 30 кг баңгизат сатууга аракеттенген милиция кызматкерлери кармалды