УКМК баңгизат даярдоого шектеп Ош ШИИБдин эки кызматкерин кармады

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын эки кызматкери мыйзамсыз баңгизат жүгүртүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 4-апрелде кабарлады.

Маалыматка ылайык, шектүүлөр — Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги «А.У.К.» жана Кайгуул кызматынын кенже инспектору «А.Т.уулу». Аларды УКМК жана ИИМдин ички иликтөө кызматы биргеликте кармаган.

Атайын кызмат милиционерлер 2-апрелге караган түнү саат 03:15 чамасында «өзгөчө жыты бар баңгизатын» белгиленген жерге бекитүү ыкмасы менен таркатып жүргөн жеринен кармалганын белгиледи. Алардын жанынан 894 грамм баңгизат табылган.

«Жыйынтыгында Ош шаарынын аймагында мыйзамсыз баңгизатын ташыган каналдардын биринин ишине бөгөт коюлду», — деп кошумчалашты УКМКдан.

Атайын кызмат «Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Буга чейин УКМК кыргыз-казак чек арасынан 11,5 килограмм баңгизат ташууга аракеттенген үч кыргызстандыкты кармаган. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка милициянын отставкадагы полковнигинин тиешеси бар экени аныкталып, ал Талас облусунда кармалган.

Дагы окуңуз:

«Баңгизат саткандарды коргоп жүргөн». Милициянын отставкадагы полковниги кармалды

Кадамжай: Депутат 50 кг баңгизат жана 250 миң доллар менен кармалды

Ошто аскер кызматкери баңгизат сатууга шектелип кармалды