ИИМ: Баткенде 30 кг баңгизат сатууга аракеттенген милиция кызматкерлери кармалды

Баткен облусунда 4-апрелге караган түнү ири өлчөмдө баңгизат сатууну көздөгөн үч милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Министрликтен баңгизаттар Баткенге Тажикстандан аткезчилик жол менен алынып келингенин белгилешти.

ИИМден билдиришкендей, 3-апрель күнү Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына Ош жана Баткен облусунун тургундары Кадамжай районунун аймагында баңгизат өткөрүү үчүн кардар издеп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Бул маалымат боюнча Баткен ОИИБи «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Ал эми 4-апрелге караган түнү күч органдары Оштун 34 жаштагы «А.А.» аттуу тургуну башкарган Lexus-330 үлгүсүндөгү унааны токтотушан. Унаанын ичинде «К.Б.», жана «И.Д.» аттуу милиционерлер болушкан.

«Ыкчам-тергөө аракеттеринин жыйынтыгында, автоунаага кечиктирилгис жагдайда тинтүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында унаанын багажынын дөңгөлөк коюучу бөлүгүнөн жалпы 30 даана сары полиэтилен баштыкка оролуп скотч менен чапталган заттар табылган. Табылган заттын салмагы 30 килограмм 460 грамм болуп чыкты», — деп билдиришти ИИМден.

24.kg басылмасы жеке булактарына таянып, кармалгандардын бири Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош облусу боюнча жетекчиси экенин жазып чыкты.

Учурда кылмышка шектүүлөр суралып, табылган заттарга соттук-химиялык экспертиза дайындалды. Тергөө иштери уланууда.

Министрликтен учурда ИИМдин тутумунда «коррупционерлерге, кызматтын кызыкчылыктарын саткандарга, мыйзамсыз иш-аракет жасагандарга каршы аёосуз күрөш жүрүп жатканын» белгилешти.

«Министрликтин жетекчилигинин коррупцияга болгон мамилеси эч качан өзгөрбөйт — мыйзам бузуучулар мыйзамдын чегинде жоопкерчиликке тартылат. Бул ИИМдин принципиалдуу позициясы», — деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Буга чейин УКМК жана ИИМдин Ички иликтөө кызматы Ош шаарында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектеп эки милиционерди кармаган. Шектүүлөр Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги «А.У.К.» жана Кайгуул кызматынын кенже инспектору «А.Т.уулу» экени кабарланган.

Дагы окунуз:

УКМК баңгизат даярдоого шектеп Ош ШИИБдин эки кызматкерин кармады