Садыр Жапаров жер мунапысын жөнгө салуучу мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров 5-апрелде «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамына кол койду. Ал мурда мыйзамсыз курулган жер участокторун мыйзамдаштыруунун тартиптери менен шарттарын аныктайт.

Парламент мыйзам долбоорун 17-мартта кабыл алган.

Мыйзам долбоору эмне жөнүндө?

Долбоорду коомдук талкууга Айыл чарба министрлиги алып чыккан. Мыйзам долбоорунун максаты, мыйзамсыз турак-үйлөр салынып кеткен айыл чарба багытындагы жер тилкелерин жеке менчикке берүү маселесин чечүү болгон.

Маалымкат-негиздемеде мыйзам долбоорунун авторлору республика боюнча мыйзамсыз курулган участокторду мыйзамдаштыруу боюнча бир жолку акция өткөрүүнү сунушташканы айтылган:

  • жеке турак үйлөр менен өз алдынча курулган жерлер;
  • жерлерди башка котегорияга которуу тууралуу тийиштүү чечимдери которуу (трансформациялоо) жөнүндө же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын укук мурастоочусу болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын тиешелүү чечимдери бар болгон жерлер;
  • айыл чарба өндүрүшүндө пайдаланууга жараксыз болгон жерлер;
  • жер үлүштөрүнө бөлүнгөн "айыл чарбачылык" максаттуу багыты менен жеке менчик укуктары жөнүндө мамлекеттик актысы бар жерлер;
  • багбанчылык-дача участоктору.

Алдын ала маалыматтарга караганда, жер мунапысы 100 000 жаранга тийиштүү болушу мүмкүн.