Казакстан 11-апрелде Кыргызстан менен чек ара бекеттерин ачат

Казакстан Кыргызстан, Өзбекстан жана Орусия менен кургактагы чек ара бекеттеринен кесип өтүүгө койгон чектөөлөрүн алды. Бул тууралуу 6-апрелде Казакстандын өкмөтүнөн билдиришти.

Алардын маалыматында, чектөөлөр 11-апрелде алынат. Аталган өлкөлөр менен аба каттамдарына киргизилген чектөөлөр да алынат.

«Казакстандыктардан, Казакстандын аймагында жашап турууга уруксаты бар, ошондой эле эмдөө паспорттору таанылган чет өлкөлүктөрдөн ПЧР тестти колдонуу менен COVID-19 боюнча изилдөөнүн терс жыйынтыгы бар сертификат же COVID-19га каршы эмдөөнүн, ревакцинациялоонун толук курсунан өткөндүгүн тастыктаган документти/паспортту милдеттүү түрдө көрсөтү талабы сакталат», — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстан менен Казакстандын кургактыктагы чек аралары 2020-жылы коронавирустун пандемиясынан улам жабылган. 2022-жылдын мартында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен эки жыл дегенде белгилүү бир чектөөлөр гана алынганын билдиришкен.

Мисалы, 2020-жылдын августунда чет өлкөлүк жогорку окуу жайлардын студенттери Казакстандагы башка өлкөлөрдүн элчиликтерине же консулдук мекемелерине визасын узартуу үчүн кире алышкан.

Кургактагы чек араларды ачуу маселеси бир нече жолу көтөрүлгөн. 2021-жылдын ноябрында маселени минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен талкуулаган.